Германияда кыргыздар тууралуу архивдик документтер табылды

© предоставлено Центральным Госархивом КРБайыркы сүрөттөгү кыргыздар. Архив
Байыркы сүрөттөгү кыргыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тарыхчы аталган документтерди Германиянын саясий архивинен тапканын, алардын басымдуу бөлүгү 1916-жылдагы Үркүн тууралуу экенин айтып берди.

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Германияда кыргыздардын тарыхы тууралуу табылган архивдик документтер Кыргызстанга бериле турганын Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн архивдин жетекчилери Германиядан келген тарыхчы, кыргызстандыктардын аталган өлкөдөгү "Манас" коомдук бирикмесинин мүчөсү, тарых илимдеринин кандидаты Чынара Харьехузен менен жолугушту.

Анын жүрүшүндө тарыхчы аталган документтерди Германиянын саясий архивинен тапканын, алардын басымдуу бөлүгү 1916-жылдагы Үркүн тууралуу экенин айтып берди.

"Жумушум боюнча саясий архивге кирип, Орто Азия боюнча маалыматтарды издегем. Анан эле кыргыздардын тарыхына тиешелүү документтерди таап алдым", — деди Чынара айым. 

Өз кезегинде Архив агенттигинин директору Орунбай Ахмедов тарыхчыга жасаган эмгеги үчүн ыраазычылык билдирип, мындан ары да кызматташуу боюнча бир пикирге келишти.

Эскерте кетсек, быйыл Кыргызстанда 1916-жылы болгон Үркүндүн 100 жылдыгы белгиленет.

Жаңылыктар түрмөгү
0