Канат Аманкулов Баткендеги спорттук объектилер менен таанышты

© Фото / пресс-служба ГАФКиСАманкулов Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Сейитбек Абдырахманов менен кезигип, облус боюнча спортту өнүктрүү жолдорун талкуулашты
Аманкулов Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Сейитбек Абдырахманов менен кезигип, облус боюнча спортту өнүктрүү жолдорун талкуулашты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш сапар алкагында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси айыл жаштары менен жолукту.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Канат Аманкулов Баткендеги спорттук объектилер менен таанышты. Бул тууралуу аталган мекеме билдирди. 

Аманкулов Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Сейитбек Абдырахманов менен кезигип, облус боюнча спортту өнүктрүү жолдорун талкуулашты. 

"Жолугушуу учурунда жаңы стадиондорду куруу, жаштарды спортко кызыктыруу жолдору талкууланды", — деп айтылат маалыматта. 

Иш сапардын алкагында агенттиктин жетекчиси Лейлек районунун жаштары менен жолугуп, алдыдагы пландарды талкуулашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0