Ош шаардык ИИБ чырлуу тендерди жокко чыгаргандан кийин, жаңысын жарыялады

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүКуруу иштери. Архив
Куруу иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ИИМден экинчи ирет жарыяланган тендердик конкурстун пакети 11-июлда ачылаарын, тагыраагы жыйынтыгы сегиз күндөн кийин белгилүү болорун айтты.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ИИМдин жер тилкесине көп кабаттуу үй куруу боюнча тендердик конкурс жаңыланып, кайрадан коюлду. Анын жыйынтыгы 11-июлда билинет. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Буга чейин 30-майда Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан тендердик конкурс жарыяланган. Тендер чыры сатып алуулар порталына коюлган конкурска латын тамгалар аралашып кетти, бул коррупцияга жол ачат деген билдирүүдөн кийин башталган. Мындан улам, Мамлекеттик сатып алуулар департаменти тендерди 22-июнда жокко чыгарган.

Учурда аталган сайтта 15-июнда "экинчи ирет" деген белги менен көп кабаттуу үйдү куруу боюнча 431 704 454 сомдук тендердик конкурстун жарыясы илинип турат.

"Коомчулуктагы ызы-чуудан кийин 30-майда жарыяланган тендердик конкурс жокко чыгарылды. Конкурска каалоосу бар тараптардын арбынараак катышуусуна шарт түзүү жагы да каралды", — деди Осмонбаев. 

Ал мурдагы жарыяда коомчулукта айтылып жаткандай мыйзам бузуулар болбогондугун кошумчалады.

Мамлекеттик сатып алуулар сайтын окуп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тендер чуусу: миллиондорду чапчыган тамгалар, же "латындашуудан" кантип арылуу керек
Осмонбаев экинчи ирет жарыяланган тендердик конкурстун пакети 11-июлда ачылып, жыйынтыгы белгилүү болорун айтты.

Мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланган бир катар тендерлер туура эмес, тагыраагы кириллица эмес, кайсы бир тараптардын кызыкчылыгы үчүн латын тамгалары менен киргизилген деген маалыматтар чыккан. Алардын бири Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын 431 миллион сомдук үйдү куруу боюнча жарыяланган тендери деп айтылган.

Ал эми аталган департаменттин жетекчисинин орун басары Сүйүнтбек Мүсүралиев эксперттер менен биргеликте коррупциянын элементтерин жок кылып жана алдын алууга жетишүү боюнча атайын стратегиянын үстүндө иштеп жаткандыгын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0