Дүйнө жүзүндөгү ар бир сегизинчи аял жана онунчу мырза тукумсуздуктан жабыркайт

Жазылуу
Окумуштуулардын айтымында көпчүлүгү бул нерсени доктурлардан жана сүйүктүүсүнөн жашырып келет.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Дүйнө жүзүндөгү ар бир сегизинчи айым жана 10чу мырза тукумсуздуктан жабыркайт. Бул тууралуу РИА Новости Human Reproduction журналына таянуу менен жазып чыкты.

Жылмайып жаткан кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар киши эмне үчүн жини келип же ак көңүл болуп каларын аныктап жатышат
Окумуштуулардын айтымында көпчүлүгү бул нерсени доктурлардан жана сүйүктүүсүнөн жашырып келет.

Лондондогу гигиена жана тропикалык медицина мектебинин адиси Жессика Датта баштаган окумуштуулар 3 жыл ичинде 15 миңден ашуун адамды иликтөөгө алган.

Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча экспериментке катышкан айымдардын 13 пайызы, мырзалардын 10 пайызы тукумсуздук менен жабыркап келээри аныкталган.

Тукумсуздуктан жабыркагандардын жаш курагы 35-44 жашты түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0