Жалал-Абадда Кайгуул милициясы иштей баштады

© Фото / пресс-служба ГУВД КРЖалал-Абад облусунун аймагында Кайгуул милициясы
Жалал-Абад облусунун аймагында Кайгуул милициясы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Облус боюнча кайгуул милицияда 200гө чукул кызматкер бар алар бир суткада үч нөөмөт менен 8 сааттан алмашып иштешет.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун аймагында Кайгуул милициясы иштеп баштагынын ОИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Бишкек гарнизонундагы милиция кызматкерлеринин даярдыгы - Sputnik Кыргызстан
ИИМ жетекчиси Бишкек гарнизонундагы милиция кызматкерлеринин даярдыгын текшерди
Ага ылайык, 2-июлда болгон ачылуу аземине ички иштер министри, милициянын генерал майору Кашкар Жунушалиев жана ИИМдин жооптуу бөлүм башчылары, облустук бийлик өкүлдөрү, жарандык коом жана укук коргоо органдарынын жетекчилиги, Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамы жана ардагерлери катышты.

Жунушалиев Жалал-Абаддагы кайгуул милиция бөлүмүнүн ачылышында, жаңы түзүлгөн кайгуул кызмат аз убакыт аралыгында эл ишенимине ээ болуп, калктын калың катмарына сиңүүсү керектигин айтты.

"Кайгуул милициянын кызматкерлери сылык-сыпайы болгула. Кайсы жаран кандай тартип бузса дагы жакшы мамиле жасагыла. Анткени алар өзүбүздүн эле эл" — деди министр.

Облус боюнча кайгуул милицияда 200гө чукул кызматкер бар алар бир суткада үч нөөмөт менен 8 сааттан алмашып иштешет.

ИИМдин Кайгуул милиция башкы башкармалыгынын башчысы Эркин Баев Жалал-Абаддагы кайгуул милиция үчүн жакын арада жаңы унаа маселеси чечиле тургандыгын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0