Министр Алтынбек Максутовдун айылга каты. Басмачы болуп, костюмчан уй кайтарганда…

© Sputnik / Табылды КадырбековМаданият, маалымат жана туризм министри, таланттуу режиссер Алтынбек Максутов. Архив
Маданият, маалымат жана туризм министри, таланттуу режиссер Алтынбек Максутов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Костюм-шымчан уй кайтарган учурлар менен мектеп партасында отуруп бала бакчадан көзү өткөн мезгилдер. Кыздарга барам деп элдин баары кыйсыпырга салган боз уландык курак. Бүгүнкү айылга каттын автору — Маданият, маалымат жана туризм министри, таланттуу режиссер Алтынбек Максутов.

Максутов Тогуз-Торонун Казарман айылын эстеп, бизге айтып берди. 

Катты катыра жазчумун. Армияга барган жокмун, СССРдин куларына эки жылча убакыт калыптыр да ал кезде. Андыктан аскер болуп айылга сагынычтуу кат жазуу шыбагасы мага буюрган эмес. Бирок 16 жашымда Казармандан ошол кездеги СССРдин борбору Москва шаарына окууга аттанып, сагынычтуу каттарды үйгө үзбөй жолдочумун. Айылда жүрүп, Москвага окууга өтүп кеткем, бир орусча билбей туруп. Буга чейин эч жакка чыкпасам, чоң жашоону көрбөсөм, өзүм курдуу теңтуштарым жок, кусалык кыйнап, сагыныч саргайткан. Анан кат жазчумун отуруп алып. 

"Алтындай болгон чоң апама, апама, атама жана бир туугандарыма салам кат. Тууган-туушкандар кандай жатышат", — деп башталчу алар. Өзүңдүн ойлоруңду, кыйналганыңды жазсаң, адатта эс алып каласың го. "Сары санаа болбогула, баары жакшы, мугалимдердин баары мени жакшы көрүшөт" деп койгонумду кантесиз.

Балдарды, классташтарымды сагынчумун. Аларга да кат жолдомой, ар кимге өз-өзүнчө. Мектепте окуп жүргөндө класстын лидери болчумун, анан балдар абдан ынтымактуу элек. Ошол мезгилдерге куса болор элем.

© Фото / Макен АскаровАлтынбек Максутов иш учурунда "Кийиз дүйнө" фестивалында режиссерлук кылууда
Министр культуры, информации и туризма Кыргызской Республики Максутов Алтынбек - Sputnik Кыргызстан
Алтынбек Максутов иш учурунда "Кийиз дүйнө" фестивалында режиссерлук кылууда

Ашыктык алдыңкы окуучуга айлантканда. Баары 7-класстан башталды. Бир кызды жакшы көрүп калдым да, өзүмдү көрсөтүш үчүн эмнелерди гана кылбадым. Жайкы үч айлык каникул учурунда чоң-чоң романдарды, Зуура Сооронбаеванын "Астра гүлү", "Чоочун киши" чыгармаларын окудум. Күзүндө мектепке келгенде классташтарым мени көрүп таңгалышты. Балалык чен-өлчөм менен алганда чоң сүйүү экен да. Адабият, математика сабактарын баш көтөрбөй окудум. Мурдагы темаларды ийне-жибине чейин карап чыгып, формулаларды таап чыгып, жаттап, үйдөн күнүгө даярданып ушундай бир баш-отум менен кирип кеттим. Баягы сүйгөнүмө “өзүмдүн көрсөтүшөм керек” деген максат койгон элем да. Ошентип класстын эң алдыңкы окуучусу болуп чыга келдим. Ал кезде “А” жана “Б” деген эки класс элек, айткандарымды классташтарым кыйшаюсуз аткарышчу. Түштө репетиция жасап, концерт койчубуз. Мектепти да ынтымактуу бүттүк. Москвада жүргөндө ар бир күн кино сымал көз алдыма тартылат десеңиз. 

Сказитель и дастанчи Омурзак Кайыпов - Sputnik Кыргызстан
Дастанчы Өмүрзак Кайыпов: отуздан ашканда ээн тамда ыйлап… Айылга кат
…Чоң шаар, баары орус тилдүү. Жарым күн окуп көнгөн жан, ал жактан эртең менентен кечки 11-12, созулуп кетсе, саат түнкү бирлерге чейин уланат сабак. Кыйналганда анан Кыргызстан, Тогуз-Торо көздөн учат да. Үйгө ар бир кат жолдогон сайын туулган жердин, мекенимдин кымбат экендигин сезчүмүн. Кусам артып, окууну таштап салып кетип калгым да келди. Ошондо бала чак, айыл көз алдыңа тартылат экен. Билесизби, ар бир ташы кымбат болуп калат экен. Ал тургай уй кайтарган кездерди сагындым десеңиз. 

Сологойлуктун азабын тартып… Мектепте окуп жүргөндө бала бакчага барган кез кандай жакшы деп ойлочумун. Анын имараты мектептин жанында, кашаанын ары жагында эле болчу. Бала бакчага барып чоңойгондуктан, кайра аны эңсеп шилекейим куюлуп, көзүм өтүп, эмнеге эрте чоңоюп кеттим деп ичимден нааразы боло берер элем. Биринчи класстан тамгаларды жаза баштаганда кыйналдым, сологой болчумун. Же колум партага эп келбейт, сол жактан жазып келе жатып сыяны шыбап кетем да, дептерим карала-торала боло түшөт. Парталаш отурган бала оң кол менен жасат да, а мен сологой болуп, ортодо чыканактарыбыз түртүшүп калат, чукчуңдаша түшөбүз же батышпай калабыз. Мындай учурлардан кийин анан бала бакча көздөн учат дей бериңиз да. 

Ишенсеңиз, ошол шыбалган сыялар коштогон күндөрдү азыр ушундай бир сагынам. 

Уй кайтарган учур демекчи, бир окуя эске түштү. Айылда уйду кесүү менен кайтарчубуз. Кесүүнүн учуру келе жатканда жүрөк ушундай бир заарканат десеңиз. Себеби, уйларын жоготуп иесиң, сайгактап беде же эгин талаага кирип кетет. Казармандын борборунда болгондуктан ат же эшек табуу да кыйынга турар эле. Кесүүгө чыккан күнү бир кеч кирбейт десеңиз. Кичи-Шар жана Чоң-Шар деген жерлерге жайчубуз. А бирок уйлар жуушаган маалда, тоонун абасы бир башкача го, дем алган сонун эле. Канистрге жарма куюп алып, гезитке оролгон нан, дагы майда-чүйдө азыктар бар. Аны пикникке чыккансып ичип, балабыз да, тамактанып, өзүнчө бир ырахаттанмай. 

Депутат ЖК Садык Шер-Нияз - Sputnik Кыргызстан
Депутат Садык Шер-Нияздын айылга каты. Өкүнткөн Дубан агай менен кайран эжекелер
Алтынчы класс болсом керек, уй кесүүнүн кезегинде ой, бир жамгыр жаады, же бир басылсачы. Өтмө катар өтүп, шөлбүрөп суу болдум. Анан да костюм-шым кийип алганымды кантейин. Ичинде жакети да бар, болгону галстук жок. Азыркыга чейин уйду эмнеге костюмчан кайтарганымды эстей албайм. Кечинде үйгө бардым, бир кургак жерим жок. Үйдөгүлөр жоо чаап келгендей эле тосуп алды. Өзгөчө чоң энем, айланып-үйрүлүп, тамак-аш даярдатып, "балам ооруп калбасын" деп денеме спирт шабатып, айтор, ушундай бир көңүл борборунда болгом… 

"Басмачы" титулуна ээ болгондо. Казарман эки тоонун ортосунда түздүктө жайгашкан. Жанында ашып кетсе, бир чакырым аралыкта чамынган Нарын дайрасы агып турат. Жайкы эмгек эс алуу лагери деген болор эле. 9-класттан баштап чөп жыйноого катыштым. Анын өзүнчө бир эрежелери болор эле. Алгач, саймачы болосуң — бооланган же пресстелген чөптү жерде туруп автоунаага бешилик менен көтөрүп бермей. Жакшы иштесең – үстүнө чыгып, чөптү машинага басасың, бул чоң авторитет. Андан кыйын болуп бара жатсаң, жыймачылыкка көтөрүшөт, анда чөптөрдү жыясың. Ошентип, саймачы болдум, анан басмачылыкка көтөрүлдүм, анда рулга отурууга уруксат берилчү, улам кичинеден жылдырып отуруп, чөптү топтолгон жерге токтотуп берип турасың. Азыр ойлосом, жүрөгүм түшөт, кичинекей болуп алып оор жүк ташыган техникаларды айдачу экенбиз да. Коопсуздук да өзүнчө маселе эмеспи. Достор, классташтар менен жүргөн өзүнчө эле бир романтикалуу күндөр үч айга созула турган. Анан биринчи ирет 75 сом айлык алганым эсимде. Ал чоң акча эле да.

© Фото / Арсен Мендебаев"Көөнөрбөс казына" концертине даярдык учуру
Министр культуры, информации и туризма Кыргызской Республики Максутов Алтынбек - Sputnik Кыргызстан
"Көөнөрбөс казына" концертине даярдык учуру

Кыздарга барабыз деп жан көзгө көрүнгөндө. Бойго жетип калган балдарбыз. Нарындын медучилищиесинен кыздар келди. Алар 8-классты бүтүп тапшыргандыктан, биз менен теңтуш болуп калчу. Биздин лагерь талаастан деп аталган жерге жайгашкан. Кыздар турган аймак менен биздин лагерди Нарын суусу бөлүп турат, албетте, өтүү кыйын. Бойго жетип калган балдарбыз да, аркы жээк көздөн учат, а бизди жиберишпейт, себеби, тартип темирден катуу. Беш бала дос элек, төртөөбүз лагерде иштечүбүз. Студент кыздарга барабыз деп чыктык. Бектурган деген досубуз, тынч, жоош эле, барбайм деп баш тартты. Калган үчөөбүз кечки тамактан кийин жөнөп калдык. Жолдон баратып машина тебелеп кеткен жыланды таап алып, аны "кыздарды коркутабыз" деп сумкабызга салып алдык, кыйратып койгонсуп. И баса, талаастандын ашканасына кирип, момпосуй, алмаларды алып алганбыз. Көпүрөгө жеткенче эле караңгы болуп кетти, андан өткөндөн Нарын сууну жээктеп кийин тикелей чыгыш керек эле, жол жок да. Корко баштадык. Ээн талаа, жапайы каман бар, челип кетиши да мүмкүн. Камыш аралап бара жатабыз, кыргоол, кекилик "пырр" этип учуп чыкса, жүрөк шуу дейт, оозго тыгылып. Башыбызга эмне күч келди дейм да, коркунучтуу капкайдагы бир окуя, имиштерди айтып алганбыз. Бир учурда тайгаланып барып жардан уча жаздадык. Тик тоодон тырмалап өйдө чыгып баратып, орто жолго жеткенде шыпырылып түшүп калабыз. Кайра чыгабыз. Эптеп тоонун башына чыкканда карасак, талаастанда жарык күйүп турат. Караңгы түндө кайда жүргөндү билбейбиз өзүбүз. Ошентип отуруп, түнкү үчтөрдө 50дөй үйү бар Өрнөк айылына жеттик. Беш-алты үйдө жарык күйүп турганын көргөндө, аман-эсен жеттик деп кубанганыбыздан көздөн жаш агып кетти. Жолдон кыздарга деп алган момпосуй, алмаларды жеп бүткөнбүз. Сумкада жыландан башка эч нерсе жок. Балдардын биринин туугандарыныкына жатып, эртеси жуунуп, тазаланып алып студенттерге бардык. Үйүлгөн пресс чөптүн үстүнө чыгып, бешиликти микрофон кылып алып ырдап бердик. Жолуктук, сүйлөштүк, ошентип эки күн болуп кетти. Бул деген биздин лагерь үчүн чоң чатак да. Казарман аркылуу машина менен, шалпайып алып кайра бардык. Жыйналышка салды. Тил уктук. Көрсө, биз кеткенден кийин кечки толуктоодо жок болуп чыгабыз. Сууга агып кеттиби, өлүп калдыбы де тымтыракайы чыгып, түнкү саат бирге чейин айлананын баарын издеп чыгышат. Акыры баягы досубуз, кыздарга кеткенибизди айтып, мугалимдер, өх-ххх дешет. Ошондой окуя эске келди, бүгүн айылга кат дегенде. 

Айыл туурасындагы аздектеген ойлорум

Атактуу төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Төкмө акын Жеңишбек айылга кат жолдоп, жон-кырда кеп салган жомоктуу чалдарды жоктоду
Тууган жеримдин өзгөчөлүгү — сени башка жакка, чоң дүйнөгө көчөт кылып көчүргөнү. Азыр айылыма барганда кадимкидей эс алып, дем-күч топтойм. Жүрөгүмдө бир кооптонуу пайда болгондо кичи мекениме жол тарсам, кадимкидей өзүмө келип калам. Бул тамырыңдан суу ичип, кайрат алгандай сезим болот. Миң шаардык болуп кетсең дагы, айылда чоңоюп, тамырың айылда болгондуктан, ошол бойдон каласың. Мен азыр өзүмдү 100 пайыз айылдыктын деп эсептейм. Кичи мекенимди шаарга алмаштырбайм. 25 жылдан бери калаада жашасам да, баары бир айылга тартып турат. Анткени менин кан-жаным, денем, ой-жүгүртүүмдүн жерпайы айылдан түптөлгөн. Балдарыма да "силер айылдыксыңар, тамырыңар айылдан жайылган" деп айтам. Кичинекей, алыскы тоонун арасында болсо да, бозала чаңга аралашса да кичи мекениңден өткөн жай жок. Айыл араласаң, көзү өтүп кеткен кошуналар, аксакалдар, чоң энелер жетишпейт. Ошолордун карааны, айткан акыл-насааттары, тамашасы жоктолуп турат. Айылдагылардын өзүнүн бир турмуштук эрежелери, жөнөкөй сезилгени менен күчтүү дипломатиясы, этиканы кармай билүүсү, тагыраагы, "керегем сага айтам, келиним сен ук, уугум сага айтам уулум сен ук" дегени өзүнчө бир кеп. Азыркы кызматта иштеп жатып, дегеле кол бошобой айылым көздөн учту. Быйыл жок дегенде бир жума жүрүп, көп жерлерин, тоо-таштарын, жылгаларын кыдырып келүүнү максат кылып жатам. 

Мен сага жакында барам, айылым, аман тур!..

Жаңылыктар түрмөгү
0