Жождогу кабыл алуу комиссиясы. Архив

Жогорку окуу жайлардын акы төлөп окуу түрүнүн эң аз суммасы белгилүү болду

507
(жаңыланган 12:48 04.07.2016)
Эң жогорку каражат "саламаттыкты сактоо" адистигине төлөнөт.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. КР өкмөтү студенттер үчүн акы төлөп билим алуу үчүн төмөнкү, тагыраагы, эң арзаны деген баанын көлөмүн белгилеген токтом кабыл алды. Бул туурасында Билим берүү министрлиги билдирди.

Эң төмөнкү баа окуу жайдын ээлик формасына карабай коюлган. "Билим берүү", "курулуш", "экономика жана башкаруу", "экология" жана "туризм" адистиги боюнча билим алуу 26 360 сомдон кем болбошу керек. Акы төлөп окуунун эң жогорку баасы "саламаттыкты сактоо" адистиги боюнча белгиленип, ал 39 540 сомду түздү.

  • Билим берүү, курулуш, экономика жана башкаруу, экология, туризм — 26 360 сом;
  • Тоо-кен иштетүү өнөр жайы, транспорт, айыл чарба — 28 996 сом;
  • Энергетика — 30 314 сом
  • Компьютердик технология, телекоммуникация жана байланыш — 31 632 сом;
  • Жабдуу, технологиялык адистик — 34 268 сом;
  • Саламаттыкты сактоо — 39 540 сом.

Тизмеде көрсөтүлбөгөн адистиктер боюнча (искусство жана маданият тармагындагы адистиктерден башка) эң аз келишимдик баа 26 360 сом деп көрсөтүлгөн.

Искусство жана маданият тармагындагы адистиктер боюнча акы 26 360 сомдон төмөн төлөнөт.

507
Белгилер:
окуу, акы, жогорку окуу жайлар, билим берүү
Тема боюнча
Сариева айрым ЖОЖдун ишине нааразы болду
Жалпы республикалык тестти кантип тапшырып, окууга кантип өтүүгө болот?
Бүтүрүүчүлөрдү жумуш менен камсыз кылбаган ректорлор иштен кетеби?
Медицина кызматкерлер өкмөттүн Ардак грамотасы менен сыйланды

Өкмөт өзгөчөлөнгөн дарыгерлерди Ардак грамота менен сыйлады. Тизме

2
(жаңыланган 18:05 03.08.2020)
Өкмөт республикадагы мамлекеттик жана менчик медицина мекемелеринин кызматкерлерин Ардак грамота менен сыйлады.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Кыргызстанда мамлекеттик жана менчик медицина мекемелеринде өзгөчөлөнгөн кызматкерлер өкмөттүн Ардак грамотасы менен сыйланды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Сыйлыктарды вице-премьер Аида Исмаилова жана саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов тапшырды.

Пневмониядан айыкты. Саламаттык сактоо министри Абдикаримов ишке чыкты

Ак ниет эмгеги жана саламаттык сактоо тармагынын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн төмөнкү адистер сыйланды:

  • Насиржан Адашпаев — Онкология жана гематология улуттук борборунун интенсивдүү терапия палатасынын анестезиолог-реаниматолог дарыгери;
  • Нурдин Алмереков — Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнүн башчысы;
  • Бейшеналиев Илимгазы Айыпович — Нарын облусунун Ат-Башы райондук аймактык ооруканасынын директору;
  • Бодошов Азат Умарович — Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин вирустук лаборатория бөлүмүнүн башчысы;
  • Давлетбаева Марина Мамбетказиевна — Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасынын №1 бөлүмүнүн башчысы;
  • Докбаев Жээнбек Орозмаматович — Ош облусунун Кара-Кулжа райондук Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин башкы дарыгери;
  • Ибраимов Бакыт Аскарович — Улуттук хирургия борборунун ичеги оорулар секторунун башчысы;
  • Кравцов Алексей Анатольевич — "Профилактикалык медицина" республикалык илимий-практикалык борборунун врач-эпидемиологу;
  • Макешова Токтобүбү — Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасынын №6 бөлүмүнүн улук медайымы;
  • Мамасали уулу Жыргалбек — Бишкек шаардык №1 клиникалык ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн хирург-дарыгери;
  • Нурланова Махабат Мелисовна — Бишкек шаардык №6 клиникалык ооруканасынын пульмонолог-дарыгери;
  • Өмүракунова Назгуль Советбековна — Эндокринологиялык борбордун башкы дарыгери;
  • Осмоналиев Калмурза Мукашевич — Чүй облустук стоматологиялык бейтапканасынын стоматолог-хирургу;
  • Осмонов Дамир Асылбекович — менчик медициналык клиниканын башкы дарыгери;
  • Оторбаева Динагүл Сатаровна — Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жугуштуу, паразиттик оорулар жана эпидемиологиялык көзөмөл башкармалыгынын башчысы;
  • Салиев Алишер Гаппарович — Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасынын травматолог-дарыгери;
  • Самаков Алмаз Асанбекович — Улуттук хирургия борборунун чукул хирургия боюнча башкы дарыгеринин орун басары;
  • Солтогулова Аиза Үрүстөмовна — Бишкектин Биринчи май райондук Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгери;
  • Тилеков Эрнис Абдышевич — Онкология жана Гемотология улуттук борборунун директору;
  • Үркүнчиев Таалайбек Токтобекович – Нарын облусунун Жумгал райондук аймактык ооруканасынын директору;
  • Чынгышова Жамиля Амановна — Иса Ахунбаев атындагы КММАнын анестезиология жана интенсивдүү терапия кафедрасынын кафедра башчысы.

Кыргызстанда COVID-19дан каза болгон медиктердин так саны айтылды

Бардыгы болуп 21 адис Ардак грамота менен сыйланышты.

2
Белгилер:
сыйлык, грамота, өкмөт, дарыгерлер
Тема боюнча
Ысык-Көлдө атамекендик ишкана коргонуучу кийим тиге баштады. Сүрөт
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүндөгү атайы операция. Архив

Кой-Таш окуясы боюнча соттун онлайн-отуруму жылдырылды. Себеби

49
(жаңыланган 17:46 03.08.2020)
Жогорку соттон кабарлашкандай, Бишкекте соттук отурумдар эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен видео байланыш форматында өтүп жатат.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум 5-августка жылдырылды. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматынан билдиришти.

"Бүгүн видео байланыш форматында өтө турган соттук отурум айыпталуучулардын бири ден соолугуна байланыштуу дарылоочу № 47 абакка которулганына байланыштуу болбой калды. Кийинки отурум шаршемби күнү саат 10:00гө дайындалды", — деп айтылат билдирүүдө.

Жогорку соттон кабарлашкандай, Бишкекте соттук отурумдар эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен видео байланыш форматында өтүп жатат.

УКМК тергөө абагын карантинге жаптыбы? Мекеменин жообу

Кой-Таш окуясы

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2019-жылы 7-8-августтагы Кой-Таш окуяларынан соң камакка алынган. Жалпысынан Атамбаев сегиз эпизод менен шектелүүдө. Бул окуядан бир киши каза таап, 175 адамдын дарыгерлерге кайрылганы белгилүү болгон.

Атамбаевден тышкары, Кой-Таш окуясы боюнча анын тарапташтары Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, Канат Сагымбаев, Марат Шаменов, Рысбек Карыпбек уулу, Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев жана Нооруз Капарбек уулу кармалган.

Алмазбек Атамбаев пневмониядан айыгып кайра абакка которулду

ЖК депутаттары Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина жана Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева үй камагында.

 

49
Белгилер:
Алмазбек Атамбаев, Отурум, сот, Бишкек, Кой-Таш
Тема:
Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндөгү атайын операция
Тема боюнча
Атамбаев менен Жолдубаева жазага тартылды. Сот залынан видео