Бишкектин кире беришиндеги "Аска-Таш" стеласын шаар менчигине кайтаруу сунушталууда

© Фото / пресс-служба Бишкекглавархитектуры"Аска-Таш" эстелигин эскизи. Архив
Аска-Таш эстелигин эскизи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Архитектуралык эстелик 1990-жылдан бери жеке менчикте. Бүгүн ал реконструкцияга муктаж болуп турган чагы.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Бишкекбашкыархитектура "Аска-Таш" эстелигин муниципалдык менчикке кайтарууну демилгелеп жатат. Бул тууралуу аталган мекеме билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкектин кире бериш жериндеги Юлиус Фучик атындагы көчөдөгү эстелик өткөн кылымдын 80-жылдары курулган.

"Стела шаардын босогосун аттаган меймандарды алгачкылардан болуп тосуп алат", — деп айтылат билдирүүдө.

Бишкеке көрүнүш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин борборундагы үйлөрдү түрттүрүү — таңуулообу же заман талабыбы
Объект депутаттардын 1991-жылдын 17-январындагы чечими менен архитектуралык эстелик деп табылган. Бирок бүгүнкү күндө ал реконструкцияга муктаж болуп турган чагы.

Түрк тилдүү мамлекеттер Кеңешинин кезектеги жыйыны менен Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата Бишкекбашкыархитектура "Аска-Таш" комплексинин сырткы көрүнүшүн оңдоого багытталган эскиздик долбоор даярдаган. Ал 19-май күнү шаар куруу кеңешинин жыйынында кабыл алынган. 

"Учурда стеланын ичиндеги имараттар кафеге айланып калган. Анын ээси объектиге капиталдык ремонт жүргүзүлө тургандыгын билгени менен каршы чыгып жатат", — деп айтылат маалыматта. 

Мындай түрдөгү объектилер муниципалдык менчикте болгондуктан, оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн Бишкекбашкыархитектура аны шаар менчигине кайтарууну сунуштап жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0