Праздничный айт-намаз в селе Арашан

Президент Алмазбек Атамбаев туулуп өскөн айылында Айт-намазга катышты

418
(жаңыланган 11:03 05.07.2016)
Бүгүн Кыргызстандын булуң-бурчтарында мусулмандар жамаат менен бирге майрамдык намаз окушту.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев өзү туулуп өскөн Арашан айылынын мечитинде Орозо айтка байланыштуу майрамдык намазга катышканын президенттин маалымат кызматы билдирди.

Айт намазынан кийин Атамбаев "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине барып, 2010-жылдын апрель окуяларында курман болгондордун жаркын элестерин эскерип, куран түшүрдү.

  • Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев өзү туулуп өскөн Арашан айылынын мечитинде Орозо айтка байланыштуу майрамдык намазга катышты.
    Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев өзү туулуп өскөн Арашан айылынын мечитинде Орозо айтка байланыштуу майрамдык намазга катышты.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев айт намазда
    Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев айт намазда
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Айт намазынан кийин Атамбаев Ата-Бейит мемориалдык комплексине барып, 2010-жылдын апрель окуяларында курман болгондордун жаркын элестерин эскерип, куран түшүрдү.
    Айт намазынан кийин Атамбаев "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине барып, 2010-жылдын апрель окуяларында курман болгондордун жаркын элестерин эскерип, куран түшүрдү.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 3
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев өзү туулуп өскөн Арашан айылынын мечитинде Орозо айтка байланыштуу майрамдык намазга катышты.

Кыргызстанда орозо быйыл 6-июнда башталып, 5-июлда Орозо айт майрамы менен аяктады.

Бул майрам — орозо кармалган отуз күндүн соңунда майрамдала турган күн.

Бишкек шаарында болгон айт намазды Sputnik Кыргызстан видеосунан көрүңүз>>

418
Белгилер:
Айт намаз, Орозо ыйык айы, Алмазбек Атамбаев
Тема:
Орозо — 2016 (30)
Тема боюнча
Атамбаев: мусулманчылыкты кыргыздын салттары менен шайкеш келтирип жашоо зарыл
Айт намаз: тобо келтиргендер жана муфтий менен "селфилдөөгө" ашыккандар
Мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов. Архивдик сурөт

Коронавирус жуктурган Боронов реанимацияда, бирок абалы туруктуу

39
(жаңыланган 00:14 06.12.2020)
Буга чейин эле Бороновдун реанимацияда дарыланып жатканы айтылып, бирок экс-өкмөт башчынын жардамчысы маалыматты четке каккан.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов реанимациялык блокто жатат, бирок анын абалы туруктуу жана өмүрүнө коркунуч жок. Бул тууралуу Sputnik кабарчысына мурунку өкмөт башчынын жардамчысы Руслан Турдумамбетов кабарлады.

Эске салсак, буга чейин эле 3-декабрда саламаттык сактоо тармагындагы ишенимдүү адамдар Бороновдун абалы канааттандырарлык экенин, бирок реанимацияда дарыланып жатканын айтышкан. Бирок анда Турдумамбетов Боронов коронавирустан дарыланып, реанимацияда эмес кадимки палатада жатканын билдирген.  

"Кубатбек Айылчиевичке коронавирус диагнозу коюлган, сатурациясы жакшы, дене табы 36,5-37 градус. Өмүрүнө эч нерсе коркунуч келтирбейт. Ал жандандыруу бөлүмүндө, бирок абалы туруктуу. Мен аны менен бүгүн сүйлөштүм, бардыгы жакшы", — деди Турдумамбетов.

Ал 23:00гө чукул эле сүйлөшкөнүн белгиледи.

Эскерте кетсек, Боронов өкмөттү 2020-жылдын июнь айынан тарта жетектеген, ага чейин вице-премьерликти аркалаган. Октябрь окуяларынан кийин отставкага кеткени маалым.

39
Белгилер:
реанимация, абал, оору, коронавирус, Кубатбек Боронов
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Сооронбаев: сасык тумоо менен коронавирусту айырмалоо өтө кыйын экен
Жүк ташуучу унаа. Архивдик сүрөт

Кызартта тайгактан унаалар токтоп, айдоочулар жолго кум чачып жаткан видео

64
(жаңыланган 23:06 05.12.2020)
Учурда ал жакка Транспорт министрлигинин тиешелүү кызматынын бир жүктөгүч унаасы жана төрт кызматкери менен тартылды.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Нарындын Кызарт белинде муз, тайгалактан автоунаалар жүрө албай, айдоочулар жолго өздөрү кум чачып жүрөт.

Мындай көрүнүштүн видеосу "Короче" Telegram-каналына жарыяланды. Айдоочулар тиешелүү кызматтар келбегенине нааразы болушкан.

Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматы видео тууралуу комментарий берип, Кызартка №24 Жол-эксплуатация башкармалыгынын (ДЭУ) бир жүктөгүч унаасы менен төрт кызматкер тартылганын билдирди.

Министрлик белгилегендей, Кызарт ашуусунун ошол жери жол куруучу жеке компаниянын карамагында болгон жана соңку күндөрү аны мекеменин балансына өткөрүп берүү каралып жаткан.

64
Белгилер:
Транспорт жана жолдор министрлиги, Нарын
Тема боюнча
Оштогу "Достук" көпүрөсүнө суу топтолуп, унаалар араң өтүп жатат. Видео