Төрага айт күнү эски таарынычтарды унутуу керектигин айтты

© Фото / пресс-служба ЖКЖК төрагасы Чыныбай Турсунбеков. Архив
ЖК төрагасы Чыныбай Турсунбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеӊештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков мекендештерин орозо айт майрамы менен куттуктады.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. ЖК төрагасы Чыныбай Турсунбеков айтта эски таарынычтарды унутуу керектигин айтып, урушкандар жарашып, кайрадан достошо турчу күн экенин өз куттуктоосунда билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, 6-июнда башталган орозо 5-июлда аяктады. Быйыл айт намаз Фрунзе көчөсүнүн Абдрахманов жана Ибраимов көчөлөрүнө чейинки аралыкта өттү.

Турсунбеков орозо адамдарды ниетин тазалоого, терс адаттардан баш тартууга жана турмуштук түрдүү кырдаалдарда сабырдуулукка үйрөтөрүн белгилеген.

"Ыйык майрам болуп саналган орозо айтында кайрымдуулук менен кечиримдүүлүк өкүм сүрүп, араздашкандар менен урушкандар бири-бири менен жарашып, кайрадан достошот. Өткөн эски майда-барат таарынычтарды унутушуп, алдыга жаңы үмүттөрдү жана аруу максаттарды чын дилдеринен ниет жана тилек кылышат", — деп жазылат төраганын куттуктоосунда.

Ал ошондой эле ыйык күндө баарыбыз үй-бүлөнүн кашында, мекендештерибиз менен биргелешип, жакшылыкка ортоктош бололу деген тилектерин билдирген.

Бишкек шаарында болгон айт намазды Sputnik Кыргызстан видеосунан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0