Ош шаарынын борбордук аянтында орозо айт намазы

Ош шаарында айт намазга 13 миңге чукул адам катышты

180
(жаңыланган 11:29 05.07.2016)
Борбордук аянтка шаардын мэри Айтмамат Кадырбаев келип, элге куттуктоо жолдоду.

БИШКЕК, 5-июл.— Sputnik. Ош шаарынын борбордук аянтында орозо айт намазы болуп, ага шаар жетекчиси Айтмамат Кадырбаев баштаган аткаминерлер жана бир нече миңдеген адамдар катышты. Бул туурасында Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.

Шаар мэри Кадырбаев шаардыктарды куттуктап, бакубаттык каалады.

  • Ош шаарынын борбордук аянтында орозо айт намазы болуп, ага шаар жетекчиси Айтмамат Кадырбаев баштаган аткаминерлер жана бир нече миңдеген адамдар катышты.
    Ош шаарынын борбордук аянтында орозо айт намазы болуп, ага шаар жетекчиси Айтмамат Кадырбаев баштаган аткаминерлер жана бир нече миңдеген адамдар катышты.
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Шаар мэри Кадырбаев шаардыктарды куттуктап, бакубаттык каалады.
    Шаар мэри Кадырбаев шаардыктарды куттуктап, бакубаттык каалады.
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Ош шаардык мэриясынын маалыматына караганда, борбордук аянтка айт намазын окууга 13 миңге чукул киши келди.
    Ош шаардык мэриясынын маалыматына караганда, борбордук аянтка айт намазын окууга 13 миңге чукул киши келди.
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Бүгүн кыргызстандыктар орозо айтты майрамдап жатат. Бишкекте он миңге чукул адам чогулуп намаз окуду.
    Бүгүн кыргызстандыктар орозо айтты майрамдап жатат. Бишкекте он миңге чукул адам чогулуп намаз окуду.
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
1 / 4
© Фото / пресс-служба мэрии города Ош
Ош шаарынын борбордук аянтында орозо айт намазы болуп, ага шаар жетекчиси Айтмамат Кадырбаев баштаган аткаминерлер жана бир нече миңдеген адамдар катышты.

"Ар бириңиздерди аманчылык коштоп, үйүңүздөргө береке толсун. Орозо майрамында адамдардын жакшы иштерге жанашууга умтулуусун, руханий байлыктарды, элдик үрп-адаттарды сактоого аракетин байкоого болот. Бул күн жакшылыктардын булагы болсун", — деди Кадырбаев.

Ош шаардык мэриясынын маалыматына караганда, борбордук аянтка айт намазын окууга 13 миңге чукул киши келди.

Бүгүн кыргызстандыктар орозо айтты майрамдап жатат. Бишкекте он миңге чукул адам чогулуп намаз окуду.

Бишкек шаарында болгон айт намазды Sputnik Кыргызстан видеосунан көрүңүз>>

180
Белгилер:
Айт намаз, Айтмамат Кадырбаев, Ош
Тема:
Орозо — 2016 (30)
Тема боюнча
Президент Алмазбек Атамбаев туулуп өскөн айылында Айт-намазга катышты
Айт намаз: тобо келтиргендер жана муфтий менен "селфилдөөгө" ашыккандар
Төрага айт күнү эски таарынычтарды унутуу керектигин айтты
Мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов. Архивдик сурөт

Коронавирус жуктурган Боронов реанимацияда, бирок абалы туруктуу

37
(жаңыланган 00:14 06.12.2020)
Буга чейин эле Бороновдун реанимацияда дарыланып жатканы айтылып, бирок экс-өкмөт башчынын жардамчысы маалыматты четке каккан.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов реанимациялык блокто жатат, бирок анын абалы туруктуу жана өмүрүнө коркунуч жок. Бул тууралуу Sputnik кабарчысына мурунку өкмөт башчынын жардамчысы Руслан Турдумамбетов кабарлады.

Эске салсак, буга чейин эле 3-декабрда саламаттык сактоо тармагындагы ишенимдүү адамдар Бороновдун абалы канааттандырарлык экенин, бирок реанимацияда дарыланып жатканын айтышкан. Бирок анда Турдумамбетов Боронов коронавирустан дарыланып, реанимацияда эмес кадимки палатада жатканын билдирген.  

"Кубатбек Айылчиевичке коронавирус диагнозу коюлган, сатурациясы жакшы, дене табы 36,5-37 градус. Өмүрүнө эч нерсе коркунуч келтирбейт. Ал жандандыруу бөлүмүндө, бирок абалы туруктуу. Мен аны менен бүгүн сүйлөштүм, бардыгы жакшы", — деди Турдумамбетов.

Ал 23:00гө чукул эле сүйлөшкөнүн белгиледи.

Эскерте кетсек, Боронов өкмөттү 2020-жылдын июнь айынан тарта жетектеген, ага чейин вице-премьерликти аркалаган. Октябрь окуяларынан кийин отставкага кеткени маалым.

37
Белгилер:
реанимация, абал, оору, коронавирус, Кубатбек Боронов
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Сооронбаев: сасык тумоо менен коронавирусту айырмалоо өтө кыйын экен
Жүк ташуучу унаа. Архивдик сүрөт

Кызартта тайгактан унаалар токтоп, айдоочулар жолго кум чачып жаткан видео

63
(жаңыланган 23:06 05.12.2020)
Учурда ал жакка Транспорт министрлигинин тиешелүү кызматынын бир жүктөгүч унаасы жана төрт кызматкери менен тартылды.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Нарындын Кызарт белинде муз, тайгалактан автоунаалар жүрө албай, айдоочулар жолго өздөрү кум чачып жүрөт.

Мындай көрүнүштүн видеосу "Короче" Telegram-каналына жарыяланды. Айдоочулар тиешелүү кызматтар келбегенине нааразы болушкан.

Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматы видео тууралуу комментарий берип, Кызартка №24 Жол-эксплуатация башкармалыгынын (ДЭУ) бир жүктөгүч унаасы менен төрт кызматкер тартылганын билдирди.

Министрлик белгилегендей, Кызарт ашуусунун ошол жери жол куруучу жеке компаниянын карамагында болгон жана соңку күндөрү аны мекеменин балансына өткөрүп берүү каралып жаткан.

63
Белгилер:
Транспорт жана жолдор министрлиги, Нарын
Тема боюнча
Оштогу "Достук" көпүрөсүнө суу топтолуп, унаалар араң өтүп жатат. Видео