Атамбаевдин кызы атасына ыры үчүн ыраазычылык билдирди

© Фото / Ажара ШабдановаПрезиденттин кызы Алия Шагиева. Архив
Президенттин кызы Алия Шагиева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алия Шагиева анын искусствого болгон шыгы атасынан калганын айтып, атасы жаш кезинде сүрөт дагы тартканын кошумчалады.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Президенттин кызы Алия Шагиева өзүнүн Facebook баракчасына атасын мыкты аткарган ыры менен куттуктаганын жазып чыкты. 

Шагиева өзүнүн билдирүүсүндө атасы үчүн ачык кат тартканын жазат.

"Ичине эмне деп жазганымды көрсөтпөйм. Себеби, аруу, таза нерселерди баарына жар салгым келбейт. Жакшы көрөм, жакшы көрөм, жакшы көрөм! Гитаранын коштоосундагы ыры менен куттуктайм. Ал эс алдырган, жылмаюу тартуулап, өмүрдү узарткан жан дүйнөсүнө жакын иш менен алектенгенине абдан кубанычтамын", — деп жазат ал.

Президент Атамбаев сыграл на гитаре и спел песню Судьбе назло - Sputnik Кыргызстан
Алмазбек Атамбаев гитара чертип, өзү жазган ырды аткарды
Шагиева атасын дайыма чыгармачыл киши катары билип келгенин баса белгилеп, ал жаш кезинде музыка чыгарып, ыр жазып, сүрөт тартканын кошумчалаган.

"Ооба, ал сүрөт тартчу. Жакында эле анын тарткан сүрөттөрүнүн альбомун барактап чыктым. Чыгармачылыкка менин жакын болуума атам таасир тийгизген. Сизге чоң рахмат!" — деп Шагиева өзүнүн сезимдери менен бөлүшкөн.

Атамбаевдин кызы тууралуу кыргыз коомчулугу анын Даун синдрому менен ооруган балдардын ата-энелер коомдук фондусуна 200 миң сом өлчөмүндө жардам бергенинен кийин биле баштаган. Каражатка 19 жаштагы Алия Шагиева көргөзмөсүндөгү эмгектери сатылгандан кийин ээ болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0