Премьер Токмоктон россиялык туристтерди тоногондорду табууну ИИМ башчысына тапшырды

Жазылуу
Шектүү жарандар жүргөн автоунаа бир жылдан бери издөөдө жүргөнү аныкталган.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков россиялык туристтерди Токмок шаарына жакын жерден тоноп кеткендерди табуу милдетин ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиевге тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Бычак жана акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сузактан жаранды жолдон карактап, 300 миң сомун алып кеткендер кармалды
Белгилей кетсек, өздөрүн милиция кызматкерибиз деп тааныштырган жарандар майып баласын дарылоо үчүн аны Ысык-Көлгө алып келе жаткан россиялык жубайларды тоноп кетишкен. Бул окуя 4-июлда болгон. 

Ички иштер министри Жунушалиевдин айтымында, окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн ыкчам топ түзүлдү. Алардын аткарган иштеринин жыйынтыгы боюнча дагы маалыматтар бериле турганын кошумчалады.

Милициянын маалыматына ылайык, шектүү жарандар жүргөн автоунаа бир жылдан бери издөөдө жүргөнү аныкталган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0