Ала-Арча дарыясынын жээктери бекемделип жатат

© Фото / пресс-служба МЧС КРДарыя боюн бекемдөө иштери. Архив
Дарыя боюн бекемдөө иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай иш-чаралар суу ташкындарын алдын алуу максатында жүрүүдө.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Бишкек мэриясы Ала-Арча дарыясынын жээктери бекемделип жаткандыгын билдирди. 

Маалыматка ылайык, жээкти бекемдөө иштери Биринчи Май районунун муниципалдык администрациясы тарабынан жүргүзүлүп жатат. 

"Мындай иш-чаралар суу ташкындарын алдын алуу максатында аткарылууда. Учурда Рыскулов көчөсү менен Жибек Жолу проспектисинин аймактарындагы дарыя жээктери бекемделип жатат", — деп айтылат маалыматта. 

Аталган иш-чара июль айынын аягында бүткөрүлүүсү күтүлүүдө. 

Жаңылыктар түрмөгү
0