Инвестор Жер-Үй алтын кенин 2018-жылдан тарта иштетүүнү пландап жатат

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүАлтын. Архив
Алтын. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыр май айында "Восток-геолдобыча" ("Руссая платина" мамлекеттик концерни) компаниясы Жер-Үй кенин иштетүү боюнча өткөн аукциондо утуп, лицензицияны 100 миллион долларга сатып алган.

БИШКЕК, 6-июл — Sputnik. Жоопкерчилиги чектелген "Альянс Алтын" ишканасы Жер-Үй алтын кенин 2018-жылдан тарта иштетүүнү пландап жатат. Бул туурасында РИА Новости "Руссая платина" мамлекеттик концернинин сайтындагы маалыматтарга таянып билдирди. 

Алдын ала божомолдонгон эсептөөлөргө караганда, 2043-жылга карата 87 тонна кымбат баалуу металл казылмакчы.

2018-2031-жылдары алтын казгандар жылына 1,3 миллион тонна руданы ачык ыкма (карьер) менен казып, өндүрүштүн божомолдонгон көлөмү 58,2 тоннага жетет деп айтылууда. 2031-2043-жылдары алтынды жер алдында казууга өтүп, жылына 700 миң тонна руда чыгарып, алтын алуу 28,7 тоннага чукулдап барат.

Гаагдагы эл аралык арбитраждык сот. Архив - Sputnik Кыргызстан
Centerra Gold Inc. кыргыз өкмөтүн эл аралык сотко берди
Такталган маалыматтарда компания капиталдык чыгымдардын көлөмүн 307 миллион доллардын (мурда — 287,3 миллион доллар эле) тегерегинде деп эсептеп жатат. 

Мурда маалымдалгандай, Европалык өнүктүрүү банкы "Альянс Алтынга" Жер-Үйдү өнүктүрүү максатында 200 миллион долларлык инвестиция салганга көмөк көрсөтмөкчү.

Былтыр май айында "Восток-геолдобыча" ("Руссая платина" компаниясынын курамына кирет) ишканасы Жер-Үй кенин иштетүү боюнча өткөн аукциондо утуп, лицензияны 100 миллион долларга сатып алган. Компания Жер-Үйдү иштетүүгө лицензия алган жоопкерчилиги чектелген "Альянс Алтын" коомун түзгөн. Аталган ишкана 2035-жылдын 28-августунан тарта иштетүүгө, ал эми 2020-жылдын 28-августунан тарта аталган кендин аймагында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө лицензия алган.

Жер-Үй – көлөмү боюнча Кыргызстандагы экинчи ири алтын кени болуп саналат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0