Билим берүү жана илим министри Элвира Сариева. Архив

Сариева кесиптик мектептердин шалаакы башчыларын кетирүүнү тапшырды

70
(жаңыланган 15:57 07.07.2016)
Директорлордун шалаакы мамилесинен улам кесиптик окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнүн университеттерге тапшырууда аттестат ала албай калуу коркунучу жаралган.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Билим берүү жана илим министри Элвира Сариева мамлекеттик аттестацияны өткөрүүгө көңүл кош мамиле кылган кесиптик окуу жайлардын директорлорун кызматтан алууну тапшырды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, министрликте мамлекеттик аттестациянын нормаларын маалында аткарбаган жана тийиштүү мамлекеттик сертификаттары жок иштеген окуу жайлардын маселеси талкууланды.

Сариева кесиптик окуу жайлардын башчылары мамлекеттик аттестацияны өткөрүүдө керт башы менен жооп берерин баса белгиледи. Себеби директорлордун шалаакы мамилесинен улам кесиптик окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү университеттерге тапшырууда аттестат ала албай калышы мүмкүн.

Андыктан Билим берүү министрлигинин алдындагы башталгыч жана кесиптик билим берүү агенттигинин башчысы Таалайбек Чолпонкуловго мыйзамды бузган лицей жетекчилерине катуу чара көрүү, керек болсо кызматтан алуу тапшырылды.

70
Белгилер:
мектеп, Билим берүү министрлиги, Эльвира Сариева
Тема боюнча
Кыргыз окуучулары АКШдагы олимпиададан 8 медаль менен кайтышты
Кыргызстандын окуучуларын Кытай эс алууга чакырды. Тизмеге кирүү жолдору
Медицина кызматкерлер өкмөттүн Ардак грамотасы менен сыйланды

Өкмөт өзгөчөлөнгөн дарыгерлерди Ардак грамота менен сыйлады. Тизме

33
(жаңыланган 18:07 03.08.2020)
Өкмөт республикадагы мамлекеттик жана менчик медицина мекемелеринин кызматкерлерин Ардак грамота менен сыйлады.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Кыргызстанда мамлекеттик жана менчик медицина мекемелеринде өзгөчөлөнгөн кызматкерлер өкмөттүн Ардак грамотасы менен сыйланды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Сыйлыктарды вице-премьер Аида Исмаилова жана саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов тапшырды.

Пневмониядан айыкты. Саламаттык сактоо министри Абдикаримов ишке чыкты

Ак ниет эмгеги жана саламаттык сактоо тармагынын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн төмөнкү адистер сыйланды:

  • Насиржан Адашпаев — Онкология жана гематология улуттук борборунун интенсивдүү терапия палатасынын анестезиолог-реаниматолог дарыгери;
  • Нурдин Алмереков — Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнүн башчысы;
  • Бейшеналиев Илимгазы Айыпович — Нарын облусунун Ат-Башы райондук аймактык ооруканасынын директору;
  • Бодошов Азат Умарович — Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин вирустук лаборатория бөлүмүнүн башчысы;
  • Давлетбаева Марина Мамбетказиевна — Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасынын №1 бөлүмүнүн башчысы;
  • Докбаев Жээнбек Орозмаматович — Ош облусунун Кара-Кулжа райондук Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин башкы дарыгери;
  • Ибраимов Бакыт Аскарович — Улуттук хирургия борборунун ичеги оорулар секторунун башчысы;
  • Кравцов Алексей Анатольевич — "Профилактикалык медицина" республикалык илимий-практикалык борборунун врач-эпидемиологу;
  • Макешова Токтобүбү — Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасынын №6 бөлүмүнүн улук медайымы;
  • Мамасали уулу Жыргалбек — Бишкек шаардык №1 клиникалык ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн хирург-дарыгери;
  • Нурланова Махабат Мелисовна — Бишкек шаардык №6 клиникалык ооруканасынын пульмонолог-дарыгери;
  • Өмүракунова Назгуль Советбековна — Эндокринологиялык борбордун башкы дарыгери;
  • Осмоналиев Калмурза Мукашевич — Чүй облустук стоматологиялык бейтапканасынын стоматолог-хирургу;
  • Осмонов Дамир Асылбекович — менчик медициналык клиниканын башкы дарыгери;
  • Оторбаева Динагүл Сатаровна — Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин Жугуштуу паразиттик оорулар жана эпидемиологиялык көзөмөл башкармалыгынын башчысы;
  • Салиев Алишер Гаппарович — Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасынын травматолог-дарыгери;
  • Самаков Алмаз Асанбекович — Улуттук хирургия борборунун чукул хирургия боюнча башкы дарыгеринин орун басары;
  • Солтогулова Аиза Үрүстөмовна — Бишкектин Биринчи май райондук Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгери;
  • Тилеков Эрнис Абдышевич — Онкология жана гематология улуттук борборунун директору;
  • Үркүнчиев Таалайбек Токтобекович – Нарын облусунун Жумгал райондук аймактык ооруканасынын директору;
  • Чынгышова Жамиля Амановна — Иса Ахунбаев атындагы КММАнын анестезиология жана интенсивдүү терапия кафедрасынын кафедра башчысы.

Кыргызстанда COVID-19дан каза болгон медиктердин так саны айтылды

Бардыгы болуп 21 адис Ардак грамота менен сыйланды.

33
Белгилер:
сыйлык, грамота, өкмөт, дарыгерлер
Тема боюнча
Ысык-Көлдө атамекендик ишкана коргонуучу кийим тиге баштады. Сүрөт
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүндөгү атайы операция. Архив

Кой-Таш окуясы боюнча соттун онлайн-отуруму жылдырылды. Себеби

58
(жаңыланган 17:46 03.08.2020)
Жогорку соттон кабарлашкандай, Бишкекте соттук отурумдар эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен видео байланыш форматында өтүп жатат.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум 5-августка жылдырылды. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматынан билдиришти.

"Бүгүн видео байланыш форматында өтө турган соттук отурум айыпталуучулардын бири ден соолугуна байланыштуу дарылоочу № 47 абакка которулганына байланыштуу болбой калды. Кийинки отурум шаршемби күнү саат 10:00гө дайындалды", — деп айтылат билдирүүдө.

Жогорку соттон кабарлашкандай, Бишкекте соттук отурумдар эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен видео байланыш форматында өтүп жатат.

УКМК тергөө абагын карантинге жаптыбы? Мекеменин жообу

Кой-Таш окуясы

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2019-жылы 7-8-августтагы Кой-Таш окуяларынан соң камакка алынган. Жалпысынан Атамбаев сегиз эпизод менен шектелүүдө. Бул окуядан бир киши каза таап, 175 адамдын дарыгерлерге кайрылганы белгилүү болгон.

Атамбаевден тышкары, Кой-Таш окуясы боюнча анын тарапташтары Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, Канат Сагымбаев, Марат Шаменов, Рысбек Карыпбек уулу, Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев жана Нооруз Капарбек уулу кармалган.

Алмазбек Атамбаев пневмониядан айыгып кайра абакка которулду

ЖК депутаттары Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина жана Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева үй камагында.

 

58
Белгилер:
Алмазбек Атамбаев, Отурум, сот, Бишкек, Кой-Таш
Тема:
Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндөгү атайын операция
Тема боюнча
Атамбаев менен Жолдубаева жазага тартылды. Сот залынан видео
Англия улуттук курама командасынын машыгуусу. Архив

Атаандашка жөтөлсөң, оюндан чыгасың. Англиядагы футбол эрежеси

0
(жаңыланган 18:28 03.08.2020)
Англиянын футбол жетекчилиги атаандашка карап атайын жөтөлгөн жорукту муштум менен сокку урган оройлук менен бирдей орунга койду.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Англиянын футболдук чемпионатынын калыстары атаандашка тарапка же беттештин өкүлдөрүнө карап атайын жөтөлгөн футболчуларды жазалайт. Бул тууралуу The Times маалымат булагы жазды.

Басылма маалымдагандай, Англиянын Футбол Ассоциациясы жаңы нускамаларды иштеп чыкты, анда коронавирустук пандемия шартында беттештерди тейлеген калыстар үчүн көрсөтмө камтылган.

FIFA Кыргызстандын футболун колдоого 1,5 миллион доллар бөлөт

Андагы бир пунктка ылайык, атаандашка же беттештин расмий өкүлүнө карап атайын жөтөлгөн футболчу беттештен четтетүү каралган. Мындай учурда калыстарга оюнчуга сары же кызыл айып кагазын көрсөтүү тапшырылган.

Муну менен Англиянын футбол жетекчилиги атаандашка карап атайын жөтөлгөн жорукту муштум менен сокку урган оройлук менен бирдей орунга койгону айтылат.

Футбол: кыргыз премьер-лигасында 8 команда калды

Жаңы эреже бардык расмий мелдештерге, атап айтканда Премьер-лига, Championship, Англия Кубогу жана Лига Кубогунда колдонулат.

Англиядагы футбол боюнча жаңы сезон 12-сентябрда башталат.

0
Белгилер:
пандемия, эреже, Англия, футбол
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
КРдин курама командасынын лидер футболчусу Бернхарт "Дордойго" кошулду