Балыкчы — Корумду автожолундагы каттам калыбына келтирилди

Жазылуу
Шаршемби күнү Балыкчы — Корумду трассасында Чолпон-Ата шаарына салынып жаткан ат майдандын жанындагы жолду суу жууп кеткендиктен, автотыгын пайда болгон эле.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Чолпон-Атанын жанында Балыкчы — Корумду автожолундагы каттам калыбына келтирилди. Бул туурасында өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтө турган Чолпон-Атадагы ипподромдун жанындагы жолду сайдын суусу ташып жууп кеткен. Ал аймак Балыкчы — Корумду айланма жолунун бир бөлүгү болчу. 

"Суу жеген жер тазаланып, учурда өкмөттүн облустагы өкүлү Асхат Акибаев кыдырып, көрүп жүрөт. Кыймыл калыбына келтирилди. Ачылганы менен ары-бери каттоо бир аз кыйынга туруп жатат, себеби, жолду тазалоо иштери дагы деле жүрүүдө", — деп билдирди маалымат кызматынан. 

Боом капчыгайындагы жол. Архив - Sputnik Кыргызстан
Боом капчыгайында жол кайрадан жүз миңдерди чапчыйбы?
Кечээки жамгыр Чолпон-Атадагы бир катар огороддорду да каптап кеткен. 

"Жергиликтүү эл жер аймагын көбөйтүү үчүн арыктарды кичирейтип салган. Анын кесепетинен туурасы кичирейген арыктарга суу тез эле толуп, батпай, огороддорду каптап кеткен", — деп айтылат билдирүүдө.

Беш күндөн бери өлкөдө жамгыр басылбай жатат. Кыргызгидромет шаршемби күнү Балыкчы шаарына дээрлик бир айлык (29 миллиметр) нормадагы жаан-чачын — 26 миллиметр түшкөндүгүн билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0