Кайгуул милициянын кызматкерлери кесипкөйлүгүн арттырышты

© Фото / пресс-служба академии МВД КРКайгуул милициясынын кызматкери квалификациясын жогорулатуучу курстта
Кайгуул милициясынын кызматкери квалификациясын жогорулатуучу курстта - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кайгуул милициясы Бишкек шаары, Чүй жана Ысык-Көл облустарында 1-апрелден тарта иштей баштаган.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Кайгуул милициясынын 29 командири квалификациясын жогорулатуучу курстан өттү. Бул тууралуу ИИМ академиясы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуу планы Кайгуул милиция кызматкерлеринин даярдыгын жана ишинин натыйжасын жакшыртууга багытталган. Иш-чара 27-июнда башталып кечээ, 9-июлда аяктады.

Эскерте кетсек, Кайгуул милициясы Бишкек шаары, Чүй жана Ысык-Көл облустарында 1-апрелден, ал эми калган Ош, Жалал-Абад, Баткен дубандарында 1-июлдан тарта иштей баштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0