Экс-акыйкатчы Турсунбек Акундун айылга каты. Жайлоодон башталган ортомчулук

Жазылуу
Экс-акыйкатчы Эки-Нарын айылында туулуп, бугулар мекендеген жайлоодон өскөн. Ал бүгүнкү катында бала чактагы кар күрөгөн кездерди, атасынын тизесинде отуруп алып жорого чогулган аксакалдардан уккан сөздөрдү жана арзышкандарга кат ташып, "жеңелик" кылган учурларын эстеди.

Маданият, маалымат жана туризм министри, таланттуу режиссер Алтынбек Максутов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Министр Алтынбек Максутовдун айылга каты. Басмачы болуп, костюмчан уй кайтарганда…
Бүгүн айылга кат жазып жатып, армиядагы агаларыма кат жолдогон учуларды эстедим. Бул мен машакаттанган ишимдин эң башкысы болучу. Алар Россиянын шаарларында аскердик кызматын өтөп жаткан Туратбек Акунов менен Үсөн Мүсүров деген байкелерим эле. Алардын абалын сурап, анан "Апам уйларын, койлорун саап, токочторун жасап жатат, эртең менен от жакты, мен сабакка барып келдим, атам ууга чыгып кийик атып келди" деп айтор, кыбыр-эткендин баарын жазчу окшойм да.

Кийин келгенде "сенин каттарыңды окуп алып, үйдө жүргөндөй эле болдук" деп айтып жатышпайбы. Мен балалык кез менен сезбесем да, аларга дем берген каттарды жазып туруптурмун да. Кат десе, ушул окуяны эстедим.

Атамды аяган учурларым. Күрөң уй менен саргыч тайган

Скрябин атындагы кыргыз айыл чарба институнда студент болуп калгандан тарта эми чоң киши катары үйгө өзүм кат жаза баштадым. Азыр баары толук эсимде жок, бирок атам менен апамдын амандыгын сурачумун. Анан "күрөң уй жакшыбы, жылкылар кандай, эртең менен атты ким алып келип берип жатат, мен жок кыйналдыңыз го, ата. Текелүү-Төргө чыктыңызбы, эликтер, кийиктер дагы деле тобу менен оттоп жүрөбү" деген учурлар эсте калыптыр.

Анан мага жакыныраак жаныбарлар бар эле. "Саргыл тайганым жүрөбү, тору атты жакшы минип жатасызбы" деп дайым аларды унутпай сурачумун.

Ортомчулук иш ошондон тарта башталып… 

Албетте, бул кат качанкы өткөн мезгилди эстетти да. Атамды, апамды эстедим. Айылдагы бактылуу балалык кез эске түштү.

Сказитель и дастанчи Омурзак Кайыпов - Sputnik Кыргызстан
Дастанчы Өмүрзак Кайыпов: отуздан ашканда ээн тамда ыйлап… Айылга кат
Биз "Чаар-Жон", "Ак-Бел" деген жайлоого чыгар элек, таякем жайында бир чабандын кызына ашык болуп калып, шыпылдап кат ташыгыч болгонум эсимде. Бирок "ачпайсың, ичин окубайсың" дейт таякем. Кыйылып макул дейм, бирок тим эле мамлекеттик ишти аткаргансып эрдемсийм. Ошентип "жеңенин" ролун да аткарып жибергем. Азыр ал кезди жылмайып эстейм.

Мени азыр эки кишини эриктирбейт деп тамашалап калышат эмеспи. Бала кезде эл чогулса эле сүйлөп, чыгармаларды, дастандарды айтып, комуз чертип жиберип, "Манастан" үзүндү аткара коймой жайым бар эле. Кемпир, абышкаларды топтоп алчумун. Алар "алда айланайын ай, тим эле жыргаттың бизди" деп алкап коюп, угуп отурган учурлар эсимде.

Касымалы Жантөшевдин "Каныбек", казак жазуучусу Мухтар Ауэзовдун "Абай жолу" романын жатка билчүмүн, аны азыркыча айтканда, аудитория боло калса эле көркөм окуп баштачумун. Чыгармадагы Каныбекке канча жыл бою таасирленип жүрдүм… Биз ошол чыгармалар менен чоңойдук да. Журналист болсом деп жүрүп, бирок ал оюм ишке ашпай, башка жол менен кеттим. Азыр деле чыгармачылыкка аралашып калам, бирок эми өзүм үчүн. Эргүү келгенде ыр саптарын токуй коём.

Нарынга кар катуу түшөт эмеспи. Ой, кар күрөчү элек. Эсимде 1969-жылы экен, анда башталгыч класста окуй турганмын, эки метрге чукул кар жаап салды. Колубуз жооругуча, каш карайганча кар күрөгөнүбүз алигиче эсимде.

Мен күткөн жоро менен шерине

Кеч киргенде атам катышкан жоролор мен үчүн эл оозунда айтылган сөздөрдүн жармаңкеси сыяктуу болор эле. Калдайган Мата, Абдубалы, Ысмайыл, Жата, Мүсүр чоң атам аксакалдар бар эле. Кечинде шерине жеп, жоро ичишет. Аксакалдар казганактап отуруп алып илгеркиден кеп салып, дастандарды айтып, сөздөрдү чечмелешчү эле. Кичинекеймин да, атамдын тизесине отуруп алып, кунт коюп аларды укчумун. Мен үчүн жоро, шерине өзүнчө бир сөз майрамы эле. Ал сөздөрдүн жарымын түшүнсөм, жарымын түшүнбөйм деле. Бирок өзүнө тартып турган сөздүн касиети окшобойбу.

Эки-Нарын абдан кооз, тоо курчаган, кереметтүү жер 

Депутат ЖК Садык Шер-Нияз - Sputnik Кыргызстан
Депутат Садык Шер-Нияздын айылга каты. Өкүнткөн Дубан агай менен кайран эжекелер
Мен Нарын облусундагы Эки-Нарын деп аталган кол менен жасап койгондой жерде туулгам. Ал эми өйдө көтөрүлсөңүз бугулар мекендеген жайлоого туш келесиз. Мен жакында эле барып, сагынычымды таратып, түндүктөн асмандуу жылдыздарды санап, салкын абасынан кере-кере дем алып келдим.

Ал аймакта Чоң-Капчыгай, Жайлоо-Баш, Текши, Кара-Суу, Айран-Суу, Туюк-Суу, Таман-Карагай деген керемет жайлоолор, тоолор бар. Мен ушул катты окугандарды мүмкүнчүлүк болсо ошол жайлоолордун кооздугун көрүп, суктанып келүүнү сунуштайт элем. Дегеле, кыргызстандыктар өзүбүздүн бир керемет, бир укмуш кооз жерлерибизди көрүп, билип, таанышыбыз лаазым.

Айылдан кол үзбөгүлө

Шаарда туулуп, чоңойгон муундардын айыл менен киндиги туташ болушу керек. Ал биздин тамырыбыз. Киндик кан тамган жерден колду үзбөш керек демекчимин. Биздин кичи мекенибиз — бизди чоң дүйнөгө аттандырган уюткулуу уя. Ошол уябыз ар дайым бакубат, тынч жана бейгам болушун тилейм.

Жаңылыктар түрмөгү
0