Балдар ооруканасы. архив

Бишкектеги бассейнге кулап кеткен жети жашар бала өзүнө келе элек

92
(жаңыланган 10:46 11.07.2016)
Учурда бардык аракеттер көрүлүп, бала дарыгерлердин көзөмөлүндө.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Бишкек шаарындагы "Тартуга" эс алуу борборундагы бассейнге кулап кеткен жети жашар бала өзүнө келе элек. Бул туурасында Бишкектеги №3 шаардык балдар ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Гүлнара Жанабилова Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Буга чейин шаардагы бассейндердин бирине кулап кеткен бала, эс-учун жоготуп өзүнө келе электиги кабарланган. 

Дарыгердин айтымында баланын абалы оор жана ал кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат.

"Ал эс-учун жоготуп, өзүнө келе элек. Абалы оор. Азыр колдон келген бардык аракеттерди көрүп, баары жакшы болот деп жатабыз", — дейт Жанабилова.

Каргашалуу окуя жекшемби күнү болгон. Милициянын маалыматы боюнча аларга билдирүү саат 15.27де келип түшкөн. Алар кетүүгө камынып, атасы сууга түшүү үчүн алган жабдууларды тапшырууга кеткен учурда, бала бассейнге кулап кеткен.

Кыргызстанда адамдын өмүрүн алган кандуу көл-дарыялар тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуз>>

92
Белгилер:
оорукана, балдар, дарыгер, бассейн, Бишкек
Тема:
Бишкектин бассейндеринде болгон кырсык (6)
Тема боюнча
Бишкектеги бассейндердин бирине түшүп кеткен 7 жашар бала өзүнө келбей ооруканада

COVID-19 каршы россиялык вакцинанын түзгөн адис Кыргызстанда туулган

1
(жаңыланган 15:32 19.01.2021)
Коронавируска каршы дүйнөдө биринчилерден болуп Россияда – Гамалея атындагы Эпидемиологиялык жана микробиология улуттук изилдөө борборунда түзүлдү. Препаратты былтыркы жылдын август айында каттоодон өткөрүштү.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. COVID-19га каршы дүйнөдө биринчи түзүлгөн россиялык вакциналардын бири, "Спутник V" препаратынын түзүүчүсү Денис Логунов Кыргызстанда туулган. Бул туурасында KurskCity маалымат порталы билдирди.

Маалыматтарга караганда, Логунов 1978-жылы 13-ноябрда Фрунзе шаарында туулган. 2000-жылы Курскидеги мамлекеттик медициналык университеттин "Биомедициналык инженерия" факультетин аяктаган.

Таланттуу студенттин жөндөмүн окутуучулар байкап калган соң, Гамалея атындагы Эпидемиологиялык жана микробиология улуттук изилдөө борборунда иш-тажрыйба топтоого жиберишкен. 2011-жылы ал доктордук диссертациясын жактаган.

43 жашында Россиянын илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти болууга жетишкен. Учурда ал Гамалея атындагы илимий иштер боюнча борбордун директорунун орун басары, клеткалык микробиология лабораториясынын жетекчиси болуп иштейт.

Гам-КОВИД-Вак деген аталыштагы россиялык вакцина, кийин "Спутник V" деп өзгөртүлүп анын жетекчилиги алдында түзүлгөн. Ал эки компонентүү препарат: эмдөөдөн өткөндөн кийин, экинчисин 21 күндөн соң жасоо керек. Логуновдун тайпасында Курский медициналык университетинин эки бүтүрүүчүсү — Наталья Артемичева жана Дмитрий Шебляков бар.

2019-жылы Россиия Федерациясынын президентинин жарлыгы менен "Атамекенге эмгеги сиңген II даражадагы ордени" менен сыйланган. Ошондой эле жаш окумуштуу 140 илимий иштин автору, анын жетекчилиги менен төрт кандитаттык диссертация жакталганы айтылат.

Логунов өткөн жылы Sputnik агенттигине маек берип, коронавируска каршы вакцинаны сыноо кандай өткөнүн жана аны алган ыктыярчылардын абалы тууралуу айтып берген.

1
Белгилер:
коронавирус, вакцина, Россия, Кыргызстан
Pfizer вакцинасы. Архив

Министр: КР Pfizer вакцинасын албай калды, Россиядан 500 миң доза күтүп жатабыз

28
(жаңыланган 15:24 19.01.2021)
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстанга учурда эч бир вакцина алып келине электигин билдирди.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Кыргызстан сактоо шарттарынын оордугунан улам Pfizer вакцинасын ала албай жатат. Учурда Россиядан алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу cаламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Биринчи радионун эфиринде билдирди.

Министрдин айтымында, Pfizer препаратын сактоо шарттары Кыргызстанда түзүлгөн эмес.

"Глобалдуу альянс (сегиз вакцинанын ичинен) Pfizer вакцинасынан 1 млн. 200 миң дозаны акысыз берген. Америкалык бул вакцинаны элге алып келип, жеткиргенге чейин -70 градуста кармап туруш керек экен. Болбосо жараксыз болуп калат. Аларды сактай турган атайын муздаткычтар керек болуп чыкты. Азыр бул маселе менен Финансы министрлигине кайрылдык. Шаар, облус борборлоруна муздаткычты коюш үчүн 2 млн. доллар керек экен. Андай акча бюджетте жок", — деди Бейшеналиев.

Эфир учурунда угармандан россиялык "Спутник V" вакцинасы эл арасында ишеним жаратып жатканы тууралуу жана аны алып келүү боюнча суроо берилди.

"Россия президенти Владимир Путинге КР президентинин милдетин аткаруучунун жана төраганын атынан 500 миң доза вакцина сурап кат жөнөттүк. Россиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко менен сүйлөшкөндө макул болгон. Бул маселе жакын арада чечилет. Россиялык вакциналардын артыкчылыгы -2 градустан -20 градуска чейин сактала турганы бар экен. Аларды 2-3 айдын ичинде алып келип калабыз", — деди министр.

Ал ошондой эле Кыргызстанга учурда эч бир вакцина алып келине электигин белгиледи.

Кыргызстандын коңшусу Казакстан 1-февралдан тарта коронавируска каршы россиялык "Спутник V" вакцинасы менен элди эмдей тургандыгын айтты.

28
Белгилер:
эмдөө, вакцина, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Казакстанда "Спутник V" менен эмдөөнү эртерээк баштамай болушту
Коронавируска каршы эмделгенден кийин эмнелерди кылбаш керек. Кеңештер