БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Жекшемби күнү Бишкектеги "Тартуга" эс алуу борборунда кырсык болуп, 8 жаштагы бала аз жерден сууга чөгүп кете жаздады. Ооруканага жеткирилген бөбөктүн абалы учурда оор экендиги, эсине келе албай жаткандыгы кабарланууда.
Окуяга күбө болгон Бактыгүл Медербекова Sputnik Кыргызстан агенттигине окуянын кандай болгондугун айтып берди.
Медербекова ал күнү сиңдиси жана үч баласы менен дал ошол жайга эс алгандыгын айтып берди.
"Жаңы эле тамак ичип бүтүп, кетели деп жатканбыз. Болжол менен ары жактан 15.15-15.30дарда дүрбөлөңгө түшүп, ызы-чуу болуп калышты. Бассейнге чуркап барып, чекесинде жаткан баланын эркек киши дем алдырууга аракет кылып жатканын көрдүм. Бөбөк көгөрүп кетиптир",— деп апкаарып айтып берди аял.
Медербекова бассейндин куткаруучусун таппай калып, сууга секирген кыз эс алуучу окшойт деп боолголоду.
"Кызгылтым көйнөкчөн кыз суунун түбүндөгү баланы байкап калып, аны бассейндин жээгине алып чыккандыгын айтты. Куткаруучулар кайда кеткендигин билбейм. Андан кийин гана 20-22 жаштар чамасындагы куткаруучу баланын, менин пикиримче, тажрыйбасы жоктугун байкадым",— деп нааразы болду ал.
"Эркек киши он мүнөттөй жан алакетке түшүп жатты, бир тизесине жаткырат, бирде аркасын ургулайт. Баланын атасы дүрбөлөңгө түшүп, апкаарып калды. Чакырылган Тез жардамды күтпөй эле, уулун ооруканага өзү алып кетти", — деп айтып берди күбө болгон аял.
Ал бир аз кечирээк милиция менен тиешелүү медиктер жетип келишкендигин кошумчалады.
"Бөбөк алгач, бассейндин балдар сууга түшкөн жеринде эле болуптур. Атасы ижарага алган үйлөмө колго таккычтарды тапшырганы кеткен учурда, чоңдор сүзгөн жагына барып, сууга кулап түшүптүр. Ал жер бир топ эле терең болучу",— деди ал.
Медербекова кырсыктан кийин окуядан коркуп калган аялдар көз жаштарын сүртүп алып, балдарын колунан бекем кармаган тейде тарап кетишкендигин айтты.
Буга чейин Бишкектеги №3 шаардык балдар ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Гүлнара Жанабилова Sputnik Кыргызстан агенттигине бөбөк кайра жандандыруу бөлүмүндө жаткандыгын, учурда эсине келе электигин айткан.
Ал гипоксиядан, тагыраагы мээге кычкылтек жетпей калгандыктан оор абалга түшүп калгандыгын билдирди.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Кыргызстандан Казакстанга, Россияга жана тескери багыт боюнча автоунаалар менен өткөрүлүүчү товарларга мониторинг жүргүзүү боюнча пилоттук долбоордун мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы маалымдады.
Тийиштүү чечимге Кыргызстан менен Казакстандын салык органдарынын жетекчилери кол коюшту. Ага ылайык, пилоттук долбоордун мурдагы мөөнөтү 2020-жылдын 10-декабрына чейин болсо, эми 2021-жылдын 10-мартына чейин узартылды.
"Ушул мезгилде Кыргызстандан Казакстанга, Россияга жана тескери багыт боюнча товарларды ташууда өзү алып өтүүчү товарлардан тышкары автоунаа каражатынын жүк турган бөлүктөрүнө навигациялык пломба илинет. Жети мүнөттөн ашпаган убакытты талап кылган жол-жобо Казакстандын Финансы министрлигинин мамлекеттик кирешелер комитетинин кызматкерлери тарабынан жүзөгө ашырылат", — дешти салыкчылар.
Ташуучулардын пилоттук долбоорго катышуусу ыктыярдуу жана акысыз негизде болот. Ошол эле учурда өткөрмө пунктуларында, атайын бөлүнгөн жерлерде жана жолдордо навигациялык пломбалары бар жүк ташуучуларды көзөмөлдөөнүн кошумча түрлөрүн жүргүзүүгө жол берилбейт.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Бишкек шаардык милициясы кичи автобустардын айдоочуларын чагымчылдыкка алдырбай, мыйзам бузууларды укук коргоо органдарына билдирүүгө чакырды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, учурда шаарда абал туруктуу. Коомдук транспорт катышкан кырсыктар сутка ичинде катталган эмес.
"Бишкектин милициясы калаа тургундарынын жана конокторунун коопсуздугун камсыздап, коомдук тартипти көзөмөлгө алат. Кечээ айрым маршруттук унаалардын айдоочулары жумушка чыккан жок. Бирок көпчүлүгү графиктин негизинде иштеп, элди ташыды", — деп айтылат билдирүүдө.
Милиция жарандарды бул окуяга байланышкан мыйзам бузуулар боюнча 102 номерине билдирүүгө чакырып, анонимдүүлүккө кепилдик болорун убада кылды.
Муниципалитеттен билдиргендей, кечээ эртең менен баш калаадагы 1 350 кичи автобустан болгону 400-500ү гана жумушка чыккан. Шаардык транспорт башкармалыгы күндүз маршруттук линиялардын 90 пайызы штаттык режимде иштеп жатканын билдирген. Кечинде аялдамада транспорт күткөндөр көбөйгөн. Шаардык транспорт башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Улан Бейшенбаев маршруткаларга байланышкан маселе турукташканын, маселе жол тыгындарында болушу мүмкүн экенин айткан.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. УКМК Ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын мурдагы башчысы Калысбек Жумакановду кайрадан кармап, тергөө абагына киргизди. Бул тууралуу атайын кызмат кабарлады.
Алгачкы жолу Жумаканов УКМК тарабынан былтыр октябрда кармалган. Анда ири мүйүздүү жана майда малга вакцина, биопрепараттарды сатып алууда бюджеттик каражат мыйзамсыз чыгарылып кеткени белгилүү болгон. Мамлекетке болсо 31 миллион сом чыгым келтирилгени аныкталган. Бирок Жумаканов ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.
Тергөөнүн версиясы боюнча, Жумаканов жетекчи болуп турганда 2017-жылдан 2020-жылга чейин 90 миллион сомго ветеринардык дары-дармектерди алуу боюнча пайдасыз келишимдер түзүлгөн.
Мындан тышкары, квалификациялык талаптарга жооп бербеген жана милдеттүү сынактан өтпөгөн кишилерди жумушка алган. Ошондой эле кызматкерлер сый акы алганда опузалап акча талап кылып турушканы аныкталган.
Тергөө уланууда.