Азимжан Аскаровдун иши боюнча Жогорку соттун чечимине Сулаймановдун жакындары нааразы

© Sputnik / Эркин Алымбековиюнь окуясында каза болгон милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановдун жакындары
июнь окуясында каза болгон милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановдун жакындары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттар аралык жаңжалды козуткан, милиция кызматкерин мыкаачылык менен өлтүрүүгө катыштыгы бар деп өмүр бою абакка кесилген Азимжан Аскаровдун жаңы ачылган жагдайлар боюнча ишин караган Жогорку сот, кылмыш ишин Чүй облустук соту карасын деген чечим чыгарган.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Азимжан Аскаровдун ишин Чүй облустук соту карасын деген Жогорку соттун чечимине 2010-жылдагы кандуу июнь окуясында каза болгон милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановдун жакындары нааразычылыгын билдирди.

Сулаймановдун жакындары Аскаровду жактап келген укук коргоочуларды дагы Аскаров менен кошо абакка отургузуу керектигин айтышты.

"Менин иним бүгүнкү тынчтыкты сактайм, жыргал турмушту алып келем, жаштардын келечеги үчүн деп кызмат өтөп жүрүп каза болду. Ушундай мыкаачылык менен адам өлтүргөн киши өмүр бою абакка кесилип жатса, анын ишин кайта карап чыккыла дегени кандай?", — деген нааразычылыгын билдиришти.

Азимжан Аскаровдуг иши боюнча соттун отуруму - Sputnik Кыргызстан
Аскаровдун жактоочулары анын кыйноого кабылгандыгын айтып жатышат
Улуттар аралык жаңжалды козуткан, милиция кызматкерин мыкаачылык менен өлтүрүүгө катыштыгы бар деп өмүр бою абакка кесилген Азимжан Аскаровдун жаңы ачылган жагдайлар боюнча ишин караган Жогорку сот, кылмыш ишин Чүй облустук соту карасын деген чечим чыгарган.

2010-жылы июнь коогасында каза болгон милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановдун жакындары адилеттүү сотту камсыз кыла албай жатат деп бийлик жетекчилерине нааразы болушту.

Жаңылыктар түрмөгү
0