KS эмес, KG! Кыргызстан эл аралык реестрде кодун алмаштырды

© Sputnik / Нуржан НайзабековаЖаңы үлгүдөгү мамлекеттик номер. Архив
Жаңы үлгүдөгү мамлекеттик номер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КРдин Мамкаттоо кызматы катталуучу тамгаларды өзгөртүү боюнча катты БУУнун Башкы катчылыгына өткөн жылдын декабрь айында эле жөнөткөн.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматы автоунаалардын номурларындагы тамгалар эл аралык стандартка жооп бербейт деген маалыматты болбогон кеп деп айтты.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары "ISO 3166-1стандартынын талабы боюнча KS белгисинин ордуна автоунаалардын жаңы номурлары KG деген тамгалар менен терилип, жаңылыш кетип калган" деп жазган.

"Январдан тарта ISO 3166-1 стандарты боюнча тамга менен белгиленген түрү KS белгисинен өзгөрүп, KG белгисине өткөн. Мен атайын Казакстанга барып, ал жакта биздин жарандарды жаңы номурлар менен кантип өткөрүп жаткандыгын текшерип келдим. Менин көзүмчө, төрт автоунаа жаңы номурлар менен өттү, эч кимде маселе жаралган жок", — деп айтты каттоо кызматынын маалымат катчысы Мелис Эржигитов.

Автонунаа номурларынын жаңы үлгүсүнө өтүүгө даярдыктын алкагында, өткөн жылдын 17-декабрында Жолдо жүрүүнүн эрежелери боюнча эл аралык конвенциянын негизинде кыргыз өкмөтү БУУнун Башкы катчылыгына расмий түрдө маалымдаган кат жиберген.

"2016-жылдын 8-январында КРдин кайрылуусунун негизинде КS тамгалары өзгөчөлөнө турган KG белгилерине алмаштырылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн",— деп билдиришти Каттоо кызматынан.

Эл аралык стандарттагы ISO 3166-1 коддору өлкөнүн аталышын камтып, ар бир мамлекеттин үч түрдүү кодун аныктайт. Мунун ичинде Кыргызстан да бар: 

  • ISO 3166-1 alpha-2, эки тамгалуу система, ал Интернетти да камтыйт: "Кыргызстан — KG" дегенден баштап дагы бир топ жагдайда колдонулат; 
  • ISO 3166-1 alpha-3, үч тамгалуу система: "Кыргызстан — KGZ";
  • ISO 3166-1 numeric, санариптик система: "Кыргызстан — 996".

Базардагы автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Июндун башынан бери 10 миңден ашуун жаңы унаа номерлери берилди
Мамкаттоонун маалымат кызматынан, "жаңы номурлардын белгилерине кызыкдар болгон тараптар жогорудагыдай пикирлерин айтып жатышат. Себеби, жаңы номурларды киргизүүдөн түшкөн каражат мурдагыдай алардын чөнтөгүнө эмес, бюджетке түшкөндүгү түйшөлдүрүп жатат" дешти. 

Республика аймагында 1-июндан 11-июнга чейин автоунааларга жаңы белгидеги 15 миң номур тагылган. Маалымат кызматы, мурда номурлар беш айдын ичинде берилип келгендигин кошумчалады.

Жаңы үлгүдөгү мамлекеттик номерлердин өзгөчөлүктөрүн Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасынан караңыздар>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0