БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Эл чарбасы жетишкендиктеринин көргөзмөсүнүн жайын ижарага алгандардын ишин кезексиз текшерүү учурунда одоно кемчиликтер табылган. Бул туурасында Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциясынын маалымат кызматы кабарлады.
Ведомствонун маалыматында Бишкек эркин экономикалык аймагы менен Түштүк-кореялык "ЭЭАны өнүктүрүү боюнча борборазиялык корпорация" ЖЧКнын ортосунда 93 жылга түзүлгөн убактылуу колдонуу боюнча келишим мыйзам бузуу менен түзүлгөн. Жер кодексине ылайык, иажарага берүү мөөнөтү 50 жылдан ашпаш керек. Аталган компаниянын каттоосу 2,5 жыл мурун эле аяктаган."Компания эстеликтердин сакталышын камсыз кылган эмес, учурда алар жаман абалга келип калган. Ошондой эле жерди казгандан жана бактарды кыюудан жер катмарына бир топ зыян келген. Келтирилген чыгымдын жалпы көлөмү 460 миң сомду түздү", — деп айтылат билдирүүдө.
Андан сырткары эки кафе, дарбаза жана ички жолдор уруксат берген документтери жок жасалган.
Экотехинспекция экологияга келтирилген чыгымдарды мамлекеттин пайдасына төлөтүп, мыйзамсыз салынган курулуштарды бузууга ниеттенип жатат.
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кичи автобустардын айдоочуларын чагымчылдыкка алдырбоого чакырды.
Белгилүү болгондой, милицияга маршрутка айдоочуларынын ортосунда ишке чыкпоо, нааразычылык акциясын уюштуруу сыяктуу чагымчыл чакырыктар тарап жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.
"Борбор калаада коомдук тартипти туруксуздаштыруу КРдин мыйзамын бузуу болуп саналат. Ошондуктан ШИИБ маршрутка айдоочуларын чагымчылдыкка алдырбоого чакырат", — деп айтылат маалыматта.
Ошол эле учурда айдоочулар коом үчүн өтө зарыл жана чоң иш аткарып жатканын эстен чыгарбашы керектиги белгилеген.
"Эгер чагымчыл иштерге жол берилип, коомдук тартип бузула турган болсо, ошондой эле коомдук транспортто же көчөдө жарандардын жана балдардын коопсуздугуна коркунуч жаралса, менчик жана мамлекеттик мүлктөр жабыркаса, КРдин мыйзамына ылайык олуттуу чаралар көрүлөт", — деп эскерткен ШИИБ.
Айрым маршрутка айдоочулары жол кирени 15 сомго чейин көтөрүү талабын койгон. Мэрия аталган маселе акырындык менен чечилерин, маршрутка айдоочуларынын койгон талаптарын караган жумушчу топ түзүлгөнүн буга чейин айткан.
ШИИБ айдоочуларга кагаз түрүндө эскертүү таратылганын белгиледи. Анда кокус коомдук тартип бузула турган болсо, мэрия жеке менчик фирмалар менен кызматташууну карап чыга турганы жазылган.
Эске салсак, Бишкектеги кичи автобустардын айдоочулары 18-январда жумушка чыкпай калышы ыктымал. Маршрутка айдоочулары иш таштай турган болсо, Бишкек мэриясы ташып жеткирүүчү компаниялардын лицензиясын чакыртып алууну суранып Транспорт министрлигине кайрыла турганын билдирген.
Буга чейин ордо калаадагы маршруттук микроавтобустардын айдоочулары коомдук транспорттогу жол кире акысын 15 сомго чейин көбөйтүүнү талап кылышкан. Эгер андай болбой турган болсо, ишти токтотуп митингге чыгышарын айтышкан.