Белгилүү геолог Максут Сартбаев каза болду

Жазылуу
Максут Сартбаев Кыргызстандагы бир катар кендерди изилдөө жана колдонуу боюнча атайын программаларга жетекчилик кылган.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. 78 жашында өлкөдөгү белгилүү геологдордун бири Максут Сартбаев көз жумду. Ал Алматы шаарында түндө каза болгон, алдын ала маалыматтар боюнча жүрөгү кармаган.

Сартбаев 1937-жылы 24-сентябрда Фрунзе шаарында туулган. Ал белгилүү окумуштуу түрколог Калыкбай Сартбаевдин уулу. Илим жана техника тармагында КР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Казакстандын эл аралык экологиялык академиясынын академиги, КРдин инженердик академиясынын мүчө-корреспонденти болгон.

Ал бир нече илимий иштердин автору.

Жаңылыктар түрмөгү
0