Бишкекке жакын "Пионер", "Комсомол" көлдөрүндө сууга түшүү маалы башталды

© Sputnik / Табылды КадырбековКөлгө түшүп жаткан балдар. Архив
Көлгө түшүп жаткан балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тартип бузуулардын жана сууга чөгүп кетүүлөрдүн алдын алуу үчүн "Зеленстрой" ишканасы, шаардык милиция жана Бишкектеги Куткаруу кызматынын ортосунда келишим түзүлдү.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. "Кара-Жыгач" паркынын аймагындагы "Пионер", "Комсомол" көлдөрү эми расмий түрдө эс алуучуларды кабыл алып, эл сууга түшө баштайт. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Зеленстрой" сууга түшүү маалын ачууга даярдык көрүп, суунун жака-белиндеги чөптөрдү чаап, отургучтарды, таштанды челектерди, көлөкөлөгөн жайларды оңдоп-түздөп, кийинип-чечинген жайлар менен ажатканаларды актап, сырдаган. 

"Пляжга 1200 тонна кум себилген. Ал эми балыр жана суу алдындагы чөптөрдү жок кылуу үчүн 10 тонна техникалык туз жана 1 тонна хлорлонгон акиташ ташып келинди", — деп кабарлашты мериядан. 

Кийинип-чечинген жайларга "Арак-шарап ичкенге тыюу салынат!" жана "Белгиленген чектен ары сүзүүгө тыюу салынат!" деген эскертүүлөр жазылган. 

"Көлдөрдүн аймагында нөөмөтчүлүк кылуу үчүн, тартип буузуулардын жана сууга чөгүп кетүүнүн алдын алуу үчүн "Зеленстрой" ишканасы, шаардык милиция жана Бишкектеги Куткаруу кызматынын ортосунда келишим түзүлдү", — деп билдиришти маалымат кызматынан. 

Бишкек шаарындагы Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борбору "Зеленстрой" ишканасына көлдөрдөгү суунун курамы адам өмүрүнө кооптуулук жаратпайт деген бүтүм чыгарып берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0