Прибытие Федерального канцлера Германии Ангелы Меркель в Кыргызстан

Меркель тамшанган кыргыз боорсогунун рецеби

275
(жаңыланган 11:35 14.07.2016)
Улуу даражалуу конок үчүн боорсокту ал келер алдында жасашкан.

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Бейшембинин түнүдө Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга келген Германиянын канцлери Ангела Меркелди "Манас" аэропортунан тосуп алды.

© Пресс-служба президента КР
Меркель тамшанган кыргыз боорсогунун рецеби

Кыргызстанга биринчи жолу келген Ангела Меркель алгач эле кыргыз боорсогунан ооз тийди. Ал боорсок мыкты экенин айтты.

Боорсокту Меркель келердин алдында жасашкан. Башкы технолог Георгий Нагай жалпысынан үч килограмм боорсок бышырылганын айтты.

"Биз өзүбүздүн атайын рецепт менен жасайбыз. Ага эмнелерди канча көлөмөдө кошорубуздун сырын ачпайм, бирок, жалпы керектелген кошулмалар тууралуу айтайын. Негизинен ун, сүт, майонез, өсүмдүк майы, ачыткы, туз, шекер жана бир аз суу кошобуз. Анан албетте, алардын барын жакшы маанай менен жууруйбуз. Андыктан боорсоктор даамдуу болот", — деди башкы технолог.

Ангела Меркелдин иш сапары бүгүн аяктайт.

275
Белгилер:
Кыргызстан, Бишкек, Алмазбек Атамбаев, Ангела Меркель, боорсок
Тема:
Ангела Меркелдин Кыргызстанга болгон сапары (18)
Тема боюнча
Атамбаев Меркель менен немисче саламдашып, бир кучак гүл сунду
Сириялык качкындар боюнча лагер түзүүнү Атамбаев менен Меркель талкуулабайт
Мурдагы премьер-министр Темир Сариев. Архив

УКМК: экс-премьер-министр Темир Сариев кармалды

12
(жаңыланган 14:57 03.08.2021)
Тергөөнүн жыйынтыгында мурдагы премьер-министрди кармоо чечими чыккан. Сариев УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Мурдагы премьер-министр Темир Сариев кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, "Кумтөр" иши боюнча тергөөнүн жыйынтыгында Сариевди кармоо тууралуу чечим кабыл алынган. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

12
Белгилер:
Темир Сариев, УКМК, кармоо, Кумтөр
Тема боюнча
Акаев сурактан кийин Кеминге барып, агаларына куран окутат
Чет өлкөдөн дарыланат. Өмүрбек Бабановдун бөгөт чарасы өзгөртүлдү
Көйкашка коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков

Талантбеков: "жигин тартып көрүү" душмандын чамасын билүү дегенди түшүндүрөт

5
"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков "Манас" эпосунда кездешкен көөнө сөздү чечмелеп, анын маанисин түшүндүрдү.

"Жигин тартып көрүү" деген адамдын чама-чаркын билүү дегенди түшүндүрөт. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.

Талантбеков: "жигин тартып көрүү" душмандын чамасын билүү дегенди түшүндүрөт

Анын айтымында, эпосто макал-лакаптар, осуяттар, накыл сөздөр көп кездешет.

"Манаста "жигин тартып көрүү" деген көөнө сөз байма-бай кездешет. Мисалы, Сагымбай Орозбаковдун вариантында "Жигин билбей киргендей, жинди болду дейсиңби. Куру жолго жүргөндөй, кутуруп кетти дейсиңби" деген ыр саптары бар. Мындан улам аталган түшүнүк абалын, күчүн, кудуретин, чамасын билүү дегенди түшүндүрө турганын аңдасак болот. Эпосто душмандын чама-чаркын, ал-абалын, кудуретин аңдап-билүү — "жигин тартуу" деп берилген. Муну күнүмдүк турмушта тилдин көркөмдүгүн арттырууга көмөк катары колдонсо болот", — деди Талантбеков.

Ошондой эле ал учурда тиричиликте көптөгөн көөнө сөздөр колдонулбай калганын кошумчалады.

5
Белгилер:
Нурбек Талантбеков, Манас эпосу, эне тил, Кыргызстан
Тема боюнча
Талантбеков: "дара" деген сөздү бир нече мааниде колдонсо болот