Меркель: момун мусулмандарга колдоо көрсөтүлүшү керек

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевГермания канцлери Ангела Меркель Атамбаев менен биргеликте өткөргөн маалымат жыйыны учурунда
Германия канцлери Ангела Меркель  Атамбаев менен биргеликте өткөргөн маалымат жыйыны учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Германия канцлери менен Кыргызстандын президенти өлкөдөгү улуттук азчылыктар боюнча маселени талкуулашты.

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Германия канцлери Ангела Меркель момун мусулмандарга жардам көрсөтүү зарылдыгы туурасында Атамбаев менен биргеликте өткөргөн маалымат жыйыны учурунда айтты. 

Анын айтымында, жолугушууда радикалдашкан ислам туурасында талкуу болду. Канцлер имамдарды окутуу керектигин,андай программа Германияда иштерин билдирди. 

"Тынч жашаган мусулмандарга колдоо көрсөтүлүшү керек", — деди Меркель.

Анын айтымында, жолугушууда өлкөдөгү улуттук азчылыктар жана аймактык айырмачылыктар туурасында да кеп козголду.

Кыргызстанга алгачкы жолу келип жаткан Ангела Меркелди КР президенти Алмазбек Атамбаев кантип тосуп алганын Sputnik Кыргызстандын видеосунан көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0