Медициналык академия. Архив

Медициналык академия: ара жолдо калган бүтүрүүчүлөр, таңууланган адистик

1053
(жаңыланган 17:35 14.07.2016)
Медициналык окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү жаңы реформаларга байланыштуу өздөрү каалаган кесиптерди тандай албай калышты.

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын №1 жана №2 дарылоо факультетинин бүтүрүүчүлөрүнүн 336сы клиникалык ординатурага тапшыра албай ара жолдо калгандыктары тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине бүтүрүүчүлөр өздөрү билдиришти. 

Аталган факультетти быйыл 441 студент аяктаган.

Алардын айтымында, Саламаттыкты сактоо министрлиги бүтүрүүчүлөргө алдын ала эскертпестен медициналык адистиктердин тизмесин кыйла кыскартып, айрымдарын такыр эле жоюп салган. 

Клиникалык ординатура деген — бул медициналык окуу жайды бүтүрүп диплом алгандан кийин кайрадан эки жылдык билим алуу. Анда адистердин теориялык билими жана практикалык көндүмдөрү өркүндөтүлүп, кесиптик деңгээлдери жогорулатылат. Эң маанилүүсү анда тапшырган адистер өздөрү тандаган кесипти тереңинен окушат. 

Президент Алмазбек Атамбаев саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевди кабыл алды. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Sputnik Кыргызстан агенттигине №2 дарылоо факультетинин бүтүрүүчүсү Нуртилек Одоноев Медициналык академияда каражат төлөп алты жыл келишимдик негизде билим алып, эми өзү каалаган адистикке тапшыра албай калганын билдирди. 

"Мен клиникалык фармакологияга тапшырууну көздөп келгем. Бирок быйыл бул кесипке бир дагы орун бөлүнбөптүр. Былтыр үч орун берилген. Эми ординатурага тапшыруу үчүн экзамендин мөөнөтү бүтүп калды. Учурда мен гана эмес менден башка канчалаган бүтүрүүчүлөр же окуудан жок же башкадан жок ара жолдо калышты. Адам өз кесибине өмүрүн арнайт эмеспи, андыктан мен тандаганымдан баш тартпайм", — деп билдирди Одоноев.

Анын айтымына караганда, быйыл үй-бүлөлүк медицинага 137 орун берилип ал эми калган кесиптик адистиктерге жалпы жонунан 105 гана орун каралган. 

Көксөгөн кесибине тапшыра албай калган дагы бир бүтүрүүчү Наргиза Жеңишбекова тынчтык митингин уюштурууга камынып жатышканын ырастады. 

"Мен анестезиологияга тапшырайын дегем. Бирок сегиз эле орун бөлүнгөндүктөн каалоочулардын бардыгына жетпей калды. Былтыр чексиз орун берилип, каалагандардын бардыгы өткөн болчу. Эми бизге эки жыл бекер окуп жалпы практикалык дарыгер болосуңар деп, таңуулап жатышат. Эгер биз макул десек, кийин поликлиникада иштей турган болобуз", — деп билдирди Жеңишбекова. 

Министрлик: үй-бүлөлүк медицинага баргыла 

Саламаттыкты сактоо министрлиги үй-бүлөлүк дарыгерлердин саны кескин азайып кеткендиктен ушундай реформа жасоого аргасыз болушканын билдиришти. Алардын берген маалыматына караганда "үй-бүлөлүк медицина" кесиптик адистигине беш жыл ичинде 59 гана бүтүрүүчү тапшырган. Мындан улам айыл жергелеринде дарыгерлердин таңкыстыгы пайда болгон. 

Үй-бүлөлүк медицина — бул бардык курактагы бейтаптарга көрсөтүлчү алгачкы амбулатордук жардам. Мындагы адистер жарандардын үйүнө барып же мекеменин ичинде адамдардын жалпы саламаттыгын текшеришет. Бул медициналык борбордо бейтаптарды жаткырууга орундар берилбейт. 

Үй-бүлөлүк дарыгерлер чыгашасын актай албайт

Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук кеңешинин төрагасы Айбар Султангазиев бүтүрүүчүлөрдүн укуктары бузулуп жатканын билдирди.

"Биринчиден бүтүрүүчүлөрдүн келишиминде алар үй-бүлөлүк дарыгер болоору тууралуу көрсөтүлгөн эмес. Экинчиден булардын бардыгы келишимдик, акы төлөгөн формада окуп, алты жыл ичинде чоң суммадагы каражат коротушту. Үй-бүлөлүк дарыгер болуп иштөө менен алар кетирген чыгашасын 10 жылда дагы актай алышпайт. Эгер мамлекет үй-бүлөлүк дарыгерлерди кааласа андай адистердин окуусуна субсидия бериши керек эле", — деп билдирди Султангазиев. 

Ал белгилегендей мындай реформа адамдын кесип тандоодогу укуктарын бузуп жатат. 

Юрист эмне дейт? 

"Вигенс" укуктук борборунун президенти Владимир Плужник мында эч кандай мыйзам бузуу болбогондугун билдирди. 

"Саламаттык сактоо жана Билим берүү министрликтери тарабынан эч кандай мыйзам бузуу болгон жок. Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, Билим берүү министрлиги лицензиясы бар бардык окуу жайлардагы кесиптик адистиктерге ар кандай стандарттарды жана талаптарды коюга акылуу. Стандартты алмаштырууга студент окуп жаткан маалда гана жол берилбейт. Бирок, студент бир кесипти аяктап, экинчисин улантууну кааласа анда ал расмий уруксат берилген кесиптерди гана тандай алат", — деп билдирди Плужник. 

Юрист жалпы жыйынтык катары мында эч кандай мыйзам бузуу жок экенин ырастады.

Мамлекеттик медициналык университеттин проректору Нурлан Билимкулов бүгүн Саламаттык сактоо министрлигинде аталган маселе талкууга алынып, жумушчу топ түзүлмөй болгонун билдирди. 

"Ал жумушчу топ бүтүрүүчүлөрдүн оюн эске алуу менен бир орток чечимди чыгарышат", — деп билдирди Билимкулов.

Проректор мындай реформа үй-бүлөлүк дарыгерлердин таңкыстыгы абдан байкалып жаткандыгына байланыштуу жасалгандыгын белгиледи.

1053
Белгилер:
Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы, адистик, окуу жай, бүтүрүүчү, кесип, медицина
Тема боюнча
Сариева айрым ЖОЖдун ишине нааразы болду
Кыргызстанда 63 миң бүтүрүүчүнүн 224ү гана өзгөчө аттестатка ээ болду
Медициналык кызматкер бейтаптын өпкөсүн рентген кылып жатат. Архив

Коронавирустан кийин өпкөнү калыбына келтирүүнүн ыкмалары айтылды

26
(жаңыланган 08:30 12.07.2020)
Адистер инфекциянын кесепетин жүрөк менен өпкө көбүрөөк тартарын айтып келишет. Мындан улам ооруган организмди калыбына келтирүүгө аракет кылыш керек.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Коронавирус жабыркаткан өпкөнү калыбына келтирүүнүн бир нече ыкмасы тууралуу Россия илимдер академиясынын профессору, пульмонолог Кирилл Зыковдун айтып бергенине таянып "Известия" басылмасы жазды.

Адистер инфекциянын кесепетин жүрөк менен өпкө көбүрөөк тартарын белгилеп келишет. Зыковдун айтымында, биринчи кезекте чылым тартуудан баш тартуу керек. Электрондук тамеки менен вейптерге да тыюу салынат.

Өпкөмдүн 80 пайызы жабыркаптыр. Пневмониядан сакайган жигиттин маеги

"Андан соң толук кандуу респиратордук реабилитация зарыл. Бул бир нече тармактын адистери, анын ичинде физиотерапевттер, дарылоочу дене тарбия көнүгүүлөрү боюнча адистер, диетологдор, психологдор бар катышкан программа. Калыпка келүү аракеттеринин натыйжалуу болушу үчүн көнүгүүлөрдү жумасына үч жолу жарым сааттан кем эмес жасоо керек. Бул эки айга созулат", — деди Зыков.

Пульмонолог машыгуу комплекстүү болушу шарт экенин белгилеп, ооруп айыккан өпкөнү суук тийүүдөн, грипптен сакташ керек экенин кошумчалады.

26
Белгилер:
көнүгүү, пульмонолог, дарыгер, өпкө, пневмония, коронавирус
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Батыралиев: пандемия 1-2 айда бүтүп калчу иш эмес
Лабораториянын кызматкери иш учурунда. Архив

Россиянын COVID-19га каршы вакцинасына качан уруксат берилери айтылды

299
(жаңыланган 00:19 12.07.2020)
Июндун ортосунда РФ Саламаттык сактоо министрлиги коронавируска каршы вакцинанын эки түрүн клиникалык сыноодон өткөрүүгө уруксат бергенин жар салган.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Россия чыгарган коронавируска каршы вакцинага регулятор жайдын соңу менен уруксат берет. Бул тууралуу Түз инвестициялар фондунун жетекчиси Кирилл Дмитриевдин айтканына таянып РИА Новости жазды.

Анын айтымында, ушу тапта Гамалея институтунан чыккан вакцинаны колдонууга чыгаруу боюнча иштер жигердүү жүрүп жатат.

"Бул өтө маанилүү. Россиялык вакцинага август-сентябрь айларында уруксат берилиши керек деген ойдобуз", — деди Дмитриев "Россия 1" каналынын эфиринде.

Россия коронавируска каршы дагы бир дары чыгарды. Мүнөздөмөсү

Ал COVID-19га каршы чыгарылган россиялык "Авифавир" менен АКШнын "Рамдесивир" дарысын салыштырып көрдү. Анын айтымында, россиялык препарат "Рамдесивирге" караганда алда канча натыйжалуу жана арзан. Мындан тышкары, ал ампула эмес таблетка түрүндө. Инвестор "Авифавир" менен Россиянын бардык аймагын камсыздоого өндүрүштүн күчү жете турганын белгиледи.

Июндун ортосунда РФ Саламаттык сактоо министрлиги коронавируска каршы вакцинанын эки түрүн клиникалык сыноодон өткөрүүгө уруксат бергенин жар салган. Препараттар Гамалея атындагы эпидемиология жана микробиология боюнча илим-изилдөө борбору тарабынан иштелип чыккан.

Сыноо Коргоо министрлигинин Бурденко атындагы госпиталында жана Сеченов медицина университетинде ыктыярчыларга жүргүзүлүүдө.

ДССУ Россиянын СOVID-19га каршы вакцинасына кызыгууда. Видео

Ушу тапта сыноо иштери соңуна чыгып калды. 15-июлда ыктыярчылардын биринчи тобу чыгарылат. Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча алардын абалы жакшы, эч кандай даттануу жок.

Сеченов университетиндеги ыктыярчылардын да саламаттыгы жакшы экени белгиленген. Тесттин катышуучулары 15 жана 20-июлда чыгарылат.

299
Белгилер:
Россия, уруксат, ыктыярчылар, сыноо, вакцина
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
COVID таасири: метеорологдор беш жылда климат кандай өзгөрөрүн айтышты