Милиция "Кайран элим, кайда баратабыз" баннерин сыйрыган бейбаштарды издеп жатат

Жазылуу
Бейтааныш кишилер баннерди алып жатканы тууралуу билдирүү түнкү саат 1.30да келип түшкөн.

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Милиция "Кайран элим, кайда баратабыз" баннерин сыйрыган бейбаштар изделип жатканын шаардык милициядан билдиришти.

Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев "Кайран элим, кайда баратабыз?" баннерин өлкөгө жайылтууга акча бөлүнөрүн айтты
Маалыматка ылайык, Октябрь РИИБге Юнусалиев жана Горький көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Кайран элим, кайда баратабыз" баннерин бейтааныш кишилер сыйрып жатканы боюнча билдирүү түнкү саат 1.30дар чамасында келип түшкөн.

Окуя болгон жерге ыкчам иликтөө тобу чыгып кеткен, бирок, бейбаштарды изи сууй электе кармоого мүмкүн болгон эмес. Учурда аларды издөө иштери жүрүп жатат.

Бир канча күн мурун шаарда кыргыздын улуттук кийимин жана паранжа кийген кыздардын сүрөтү түшүрүлгөн баннер илинген. Ал коомдо кызуу талкууга жем таштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0