ШИИБ: Бишкекте сойкулардын кызматын тартуулган сауна табылды

© Sputnik / Борис Бабанов / Медиабанкка өтүүСауна. Архив
Сауна. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Издөө иштери маалында алдын ала атайылап белги коюлган акчалар табылган. Кармалган аял сойкулар менен кардарларга ортомчу болуп иштегенин мойнуна алган.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Бишкектин аймагында сойкулукка каршы иш-чаралар уланып жатканын Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.

Жүргүзүлгөн оперативдик-издөө иштеринин натыйжасында, сойкулардын кызматын сунуштаган сауна табылган.

Кыска юбка кийген аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сойкулукту соолутуу жөнүндөгү демилгенин ой-чуңкуру. Эксперттер ой толгойт
"Аталган иш боюнча Кылмыш жаза кодексинин 261-беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Саунаны иштеткендерди кылтакка илүү үчүн криминалдык адистер акчаларга атайын белгилерди коюшкан. Натыйжада, секс-кызмат көрсөткөн саунада иштеген 42 жаштагы аял кармалды. Ал сауна ачылгандан бери администратор болуп иштеп келгени тууралуу маалымат бар. Ал учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилди", — деп айтылат маалыматта.

Издөө иштери маалында алдын ала атайылап белги коюлган акчалар табылган. Кармалган аял сойкулар менен кардарларга ортомчу болуп иштегенин мойнуна алган.

Учурда иликтөө иштери уланып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0