БИШКЕК, 15-июль. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-июлда Нарын облусуна жумушчу сапар менен барарын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
"Нарында Жээнбеков Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун курулуш иштери менен таанышат. Нарын облустук ветеринардык дарт аныктоо борборуна жана Ак-Талаа районундагы "Мангел" айыл чарба кооперативине барат", — деп кабарлады маалымат кызматы.
Өкмөт башчысы Тайлак Баатырдын 220 жылдыгын өткөрүүгө даярдык көрүү алкагында анын күмбөзүн калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышмакчы.
БИШКЕК, 19-апр.— Sputnik. Диетолог Елена Кален тамактануу рационунан азайта турчу, ал тургай таптакыр эле чийип салчу тамак-ашты санап бергенин РИА Новости жазды.
Адистин айтымында, биринчи кезекте конфет менен таттуу суусундуктан баш тартуу кажет. Булар ашыкча салмакка, семирүүгө алып келип, канда канттын деңгээлин көбөйтүшү ыктымал.Жыйынтыгында адам кант диабетине чалдыгышы толук мүмкүн. Ошондой эле таттууну көп жегенде боор жакшы иштебей, тери бузулат.
Организмди талкалай турчу азыктардын катарына эт дагы кирген. Адистин айтымында, эт белоктун булагы болгону менен аны көп жегенде ашказанга күч келип, аталган органдын иштөөсү начарлайт.
Диетолог ичимдикти да тизмеден чийип салууну сунуштаган.
"Ичимдик ичкен адам тез карып, боор, кан тамыр ооруларына чалдыгат. Ичимдик кант диабети, гипертония жана панкреатит илдеттеринин өрчүү тоболкелчилигин жогорулатат", — деген Кален.
Адис кофени көп ичүү да организмди буза турганын айткан. Көпчүлүктүн сүйүктүү суусундугу кан басымды көбөйтүп, жүрөктүн тез согуусун шартташы ыктымал.
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Төрага Талант Мамытов баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Санкт-Петербург шаарында жашаган мекендештер менен жолугушту. Бул туурасында парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууга депутаттар Каныбек Иманалиев, Айнуру Алтыбаева, ЖКнын КМШ Парламенттер аралык ассамблеясындагы жана ЖККУнун Парламенттик ассамблеясындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатвалдиев катышты.
Мамытов парламенттер аралык ассамблеянын отурумдарында Россиядагы эмгек мигранттарынын турмушун жакшыртуу багытында кабыл алынуучу чараларга өзгөчө көңүл бурулганын белгилеген.
"Төрага каза болгондордун сөөгүн Россиядан Кыргызстанга жеткирүүдөгү кыйынчылыктар, эки өлкө ортосундагы авиабилеттердин кымбаттыгы, "Мекен-карт" системасын киргизүү тууралуу суроолорго жооп берди. Ошондой эле Санкт-Петербургдагы Чыңгыз Айтматов атындагы эс алуу жайын өнүктүрүү, Башкы консулдук ачуу, эмгек мигранттарынын үй-бүлө мүчөлөрүн Милдеттүү медициналык камсыздандыруудан өткөрүү жана билим берүү тармагын жакшыртуу сыяктуу маселелер көтөрүлдү", — деп айтылат маалыматта.
Жолугушуу баарлашуу форматында уланып, катышуучулар мигранттардын жашоо шартын жакшыртуу боюнча пикирлерин ортого салган.
Белгилей кетсек, Талант Мамытов Санкт-Петербугда өткөн КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) жазгы сессиясына катышты.