10 млн долларга чукул акча маркумдун паспорту менен банк аркылуу которулган

© flickr.com / Chris PotterАКШ долларлары. Архив
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каза тапкан кыргызстандык жарандын паспортун колдонууга "Росинбанктын" кызматкерлери шектелип жатат.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Жасалма документ колдонуу менен мыйзамсыз ишкердик жүргүзүү фактысы катталгандыгы тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Белгисиз жарандар салык төлөмдөрү менен кирешелерин жашыруу үчүн каза болгон Ж.Э. аттуу адамдын паспортун колдонуу менен ишкердик жүргүзүп келишкен.

"Кызыгы, "Росинбанк" ачык акционердик коомунун кызматкерлери Ж.Э. аттуу каза болгон адамдын паспорту аркылуу 4 миллион 623 миң доллар, андан сырткары 362 миллион 403 миң сом, ага кошумча 3 миллион 873 миң рубль жана 26 миллион 558 миң казак теңгесин которушканы белгилүү болду", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 350-беренеси (жасалма документ жасоо, алуу, колдонуу) жана 180-беренеси (мыйзамсыз ишкердик жүргүзүү) боюнча кылмыш иши козголду. Иликтөө иштери уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0