Балхашта жоголгон кыргызстандык жаран оң жакта жайгашкан жүрөгүнөн таанылды

Жазылуу
Максим Пивоваров Балхаш көлүндө 1-июлда жоголуп кеткен.

БИШКЕК, 15 июл — Sputnik. Кыргызстандык Максим Пивоваровду анын оң жагында жайгашкан жүрөгүнөн таанышкандыгы тууралуу анын жакын досу Руслан Касымалиев билдирди. 

Анын айтымына караганда маркумдун жакындары аны Шу шаарындагы өлүкканага барып таанышкан. 

"Бардык сырткы белгилеринен Максимди таануу мүмкүн болду. Адистер маркумдун денеси идентификацияланганын билдирди. Анын жүрөгү башкалардн оң жакта жайгашканы менен айырмаланчу", — дейт Касымалиев. 

Ал кыргызстандык жаранды Чоң-Арык айылына жакын жерде жайгашкан мүрзөгө коюлганын маалымдады. 

ӨКМ кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жарым жылда куткаруучулар 229 адамды ажалдан алып калган
ӨКМдин маалымат кызматы экспертизанын жыйынтыктары Балхаш көлүнө чөккөн адам 29 жаштагы кыргызстандык Максим Пиворов экени тастыкталганын ырастады. 

Белгилей кетсек, Моюнкум районунун Мың-Арал айылындагы Балхаш көлүнө достору менен балык уулоого барган кыргызстандык 29 жаштагы Максим Пивоваров июль айынын башында чөгүп кеткен. ӨКМден маалымдашкандай, 11-июлда Казакстандын Караганда, Алматы, Жамбыл облустарынын 11 куткаруучусу 3 кайык менен издөө иштерин жүргүзүп, белгисиз эркек адамдын сөөгүн таап, анын ким экендигин тактоо иштерин жүргүзгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0