Чүй ОИИББдин жетекчиси жана бир катар кызматкерлер кызматтан алынды

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция кызматкеринин фуражкасы. Архив
Милиция кызматкеринин фуражкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коллегияда баса белгиленген кемчиликтерди тез арада жоюу жана кыска мөөнөттө ишти жогорку денгээлде жүргүзүү керектиги эскертилип, иштеги кемчиликтери бар жетекчилерге убакыт белгиленди.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Кызматтагы одоно кемчиликтери үчүн Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы жетекчиси Капар Батырканов, ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын Нарын жана Ысык-Көл областтары боюнча жетекчиси Т.Мамбетакунов кызматтан алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Мындай чечим министрликтин кезектеги коллегиясында кабыл алынган.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев иш кабинетинде. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев укук коргоо органдарынын системасын реформалоочу чечимге кол койду
Ошондой эле, оперативдик кызматтык ишмердүүлүгүндөгү одоно кемчиликтери үчүн Сокулук РИИБдин жетекчиси А. Токтомамабетов, Кочкор РИИБдин жетекчиси К.Абдылдаев, Ысык-Көл РИИБдин жетекчиси Т.Нуралиев, Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары М.Абдрахманов кызматтан алынды. 

Коллегияда андан сырткары Нарын ОИИББнын жетекчисинин орун басары Ч. Жусубалиев жана Талас ОИИБнын жетекчисинин орун басары У. Береналиевдер ички иштер органдарынын башка областтарына ротациялоо чечими да кабыл алынган.

Коллегияда баса белгиленген кемчиликтерди тез арада жоюу жана кыска мөөнөттө ишти жогорку денгээлде жүргүзүү керектиги эскертилип, иштеги кемчиликтери бар жетекчилерге убакыт белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0