Бишкектеги "Манас" аэропортунан Стамбулга бир учак учуп кетти

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүАэропорттон учуп жаткан учак. Архив
Аэропорттон учуп жаткан учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилей кетсек, Түркиядагы абалдан улам өлкө аба майданын толугу менен жапкан болчу.

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Эл аралык "Манас" аэропортунан "Пегасус"авикомпаниясынын РС701 жүргүнчү каттамындагы учак Стамбулга учуп кеткенин аэропорттун Facebook баракчасына жарыяланды.

"16-июлда саат 6:28те Бишкекте Стамбул багыта боюнча "Пегасус"авикомпаниясынын РС701 жүргүнчү каттамындагы учагы учуп кетти", — деп айтылат маалыматта.

Аэропорттун маалымат кызматы бул маалыматты тастыктады.

Жалпысынан Бишкек шаарынан Стамбулга жалпысынан үч аба каттам пландалган. Алар саат 5:25те, 6:15те жана 7:05те учмак. Биринчи каттам "Сабиха" аэропортуна учса, калган экөө "Ататүрк" аба майданына конмок.

"Саат 7:05теги аба каттам (Түрк аба жолдору авиакомпаниясы) токтотулганы маалымдалып, анын себеби айтылган эмес.

Айрым ЖМК Түркиядагы абалдан улам өлкө аба майданын толугу менен жапканын маалымдашкан.

. Президент Турции Реджеп Тайип Эрдоган - Sputnik Кыргызстан
Эрдоган бийликке каршы чыккандарды жазаларын айтып, элди көчөгө чыгууга чакырды
Белгилей кетсек, 15-июлда кечинде Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым NTV телеканалына өлкөнүн аскерлери өлкөдө аскерий төңкөрүш кылууга аракет кылганын телефон аркылуу билдирген. Йылдырым аскерий топ өздөрүн берилген укуктарды жана курал-жаракты колдонуп "мыйзамсыз аракеттерди кылууга аракеттерди көргөнүн" белгилеген.

Ал эми өлкөнүн президенти Тайип Эрдоган төңкөрүш жасоого аракет кылгандар катуу жазалана турганын айтып, бул баш аламандыкты токтотуу үчүн элди көчөгө чыгууга чакырган. Эрдогандын тарапташтары аскерлердин аракеттерине каршылык көрсөтүүгө аракет кылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0