Дудук жигит менен маек: Сүйүктүүмдү башка менен көрүп, кыздарга жүрөгүм муздап калды

© Фото / Света ТашалиеваУгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган 26 жаштагы Төрөгелди Каныбек уулу. Архив
Угуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган 26 жаштагы Төрөгелди Каныбек уулу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
26 жаштагы Төрөгелди Каныбек уулу он бир айында менингит оорусуна чалдыгып, угуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган. Тагдырдын тайгак жолунда тайгаланбай, оорудум деп онтолобой жашоого болгон умтулуусу күч.

Журналист Гүлдана Талантбекова Төрөгелдинин апасы Света Ташалиева менен да маектешип, баласы бирге чыкканда таттуу булдуруктаган сөзүнөн башка эч нерсе укпай калганын жана күйөөсүнүн доктур болуп туруп "балабыз беш жашка чыкканда сүйлөйт" деп жоошутуп койгонуна алданганы үчүн ажырашып кеткендиги туурасында угуп кайтты.

Мен Төрөгелдини мурун көрүп жүрчүмүн. Бирок анын кемчилигинен кабарым жок эле. Кийин билгенден соң, маектешейин деп ал иштеген дүкөнгө кирип барып сатуучу эжеге "Сиздерде бир бала иштейт, ал сүйлөбөйт. Мен аны менен жолугушум керек" дедим. Сатуучу эже "Төрөгелдиби, ал менин балам, эмне кыласың?" дегенде бармагымды бырча бир тиштегеним эсимде.

Төрөгелди менен болгон маегибиз апасынын катышуусунда болду. Себеби, Төрөгелди жаңсап колу менен сүйлөгөндүктөн апасы Света эже бизге жардамчы болду. Биз маңдай-тескей отуруп алып, маектештик.

— Сен качантан бери айланынын добушун, кимдир бирөөнүн илбериңки сүйлөгөнүн укпайсың?

Төрөгелди: — Апамдын айтуусу боюнча он бир айымда суук тийип, менингит оорусуна чалдыгып комада 16 күн жатыптырмын. Атам балдар дарыгери болчу. Жаным тирүү калганым менен майып болуп калдым. Бал тилим чыгып калганда башка балдардай эле ата-апа деген сөздөрдү айтчу экенмин, анан ооругандан кийин кулакка мааламат барбаса сүйлөө мүмкүнчүлүгүнөн да ажырадым. Билген сөздөрүмдүн баары унутулду.

© Фото / из семейного архива Светы ТашалиевойТөрөгелди Каныбек уулу апасы Света Ташалиева менен
Интервью с глухонемым парнем Торогелди Каныбеком уулу  - Sputnik Кыргызстан
Төрөгелди Каныбек уулу апасы Света Ташалиева менен

Света эже: — Кичинекейинде анын укпай калганын байкаган эмесмин. Бир күнү сиңдимдин баласы экөө уктап жатканда шкафтан тарелкалар күч менен шарак этип түшүп кеткенде, сиңдимдин баласы бакырып ойгонсо менин балам уктап жатат мемиреп. Анан таенем балаң укпай калган окшойт, тезинен текшертип көрчү деди. Биздин анан көрүнбөгөн жерибиз калбады.

Энесин ала качып кетишкен:6 жашар бала оорулуу таянеси менен бөбөгүнө тамак жасап берет - Sputnik Кыргызстан
Энесин ала качып кетишкен: 6 жашар бала оорулуу таянеси менен бөбөгүнө тамак жасап берет
Жолдошум дарыгер болчу, ал болушунча далбастап жүгүрдү. Бир күнү келип "балабыз бешке чыкканда айыгат" десе, мен да ишенип алыптырмын. Уулум бешке чыкты, күткөн үмүттүн учкуну да көрүнбөдү. Көрсө атасы менин жабыр тартышымды каалабай, жалган айтыптыр. Мындайды кантип кечирүүгө болсун? Жолдошумду бул кылганы үчүн күнөөлөдүм, уруш-талаштар болду тагдыр экен ажырашып кеттик. Андан кийин үч жыл балам үчүн бейтапканадан бейтапканга, молдого а түгүл бүбү бакшыларга чейин бардык. Кийин дасыккан доктурлардын бири балаңыз эми эч качан укпайт, убара тартпаңыз, үмүтүңүздү үзө бериңиз деп айткан (Ыйлап).

— Ооруң тууралуу алгачкы жолу билгениң эсиңдеби?

Төрөгелди: — Кичинекей кезимде мен үчүн да ата-энем үчүн да жеңил болчу.Чоңойгон сайын көйгөйлөр чыкты. Эсимде үчүнчү класста окуп калганда айланамдагы башка адамдаргы салыштыруу башталган.

— Башка да оору менен жабыркайт экенсиң?

— Он бир айымда укпай, сүйлөбөй калсам он бир жашымда башка оору жармашты. Ал жүрөк кемтиги экен. Учурда дарыланып келем. Ашканада иштегендиктен кээде камыр жайып, үбөлүк менен иштегенде күч келип кыйналбасам. Калганы жакшы.

— Бул токоч, самсыларды сен жасайсыңбы?

Бала: — Мурун башкалардан алып келип сатчубуз. Өзүм бир нерсе жасоого кызыктармын. Бул тамактарды чоң-кичине, ачуу-таттуу кылып жасап атып өздөштүрдүм. Кесибим жыгач уста болгондуктан буга чейин мебель чыгарган жайда иштечүмүн. Ар кандай болот экен. Билбейт деп алдап кеткендер болду. Азыркы жумушум жагымдуу гана болбостон үйдөгүлөргө аз да болсо жардам берип жатам.

© Фото / Света ТашалиеваТөрөгелди Каныбек уулу: Кесибим жыгач уста болгондуктан буга чейин мебель чыгарган жайда иштечүмүн. Ар кандай болот экен. Билбейт деп алдап кеткендер болду
Интервью с глухонемым парнем Торогелди Каныбеком уулу  - Sputnik Кыргызстан
Төрөгелди Каныбек уулу: Кесибим жыгач уста болгондуктан буга чейин мебель чыгарган жайда иштечүмүн. Ар кандай болот экен. Билбейт деп алдап кеткендер болду

Света эже: — Төрөгелди бала кезинен эле бөтөлкө чогултуп, балмуздактын таякчаларынан үйлөрдү курап, жыгачтан отургучтарды жасап бизге жардам берип жүрдү. Бир орунда токтоп калбай, жашоону арабасын түртүп келет. 

— Учурда атаң менен жолугуп турасыңбы?

Бала: — Ал мындан төрт жыл мурун уктап ойгонуп эле жүрөгү жарылып каза болуп калды. Кичинекей кезимде байкем экөөбүз жолугуп турчубуз. Атамды мен бөтөнчө жакшы көрөөр элем…

Үмүтсүз — шайтан... Баспай калган 12 жашар Тилек далай дабанды ашарына - Sputnik Кыргызстан
Үмүтсүз — шайтан… Баспай калган 12 жашар Тилек далай дабанды ашарына көзү жетет
Света эже: — Балдары эмеспи деп каникулда жиберип турдум. Ал учурда экинчи аялын алган болчу. Өзү жумушка кеткенде аялы балдарымдан нанын кызганып кулпулап кетчү экен. Муну билген чоң атасы неберелериме деп колтугуна сындырым нанды кысып алып калчу экен. Биртке нанды эки уулум крандагы сууга агызып курсактарын тойгузуп жүрүптүр. Кийин ачуум келип үйгө алып келип алгам, өздөрүнүн да көңүлү калып калыптыр. Жашырбайм атасын жанындай көрчү. Россияга жөнөп баратып, уулума эки жүз сом карматыптыр. Ошондогу сүйүнгөнүн, бир күн кечке баланын бакытка балкыганын сөз менен жеткирүү кыйын. Мен таң калгам. Атасынын эки жүз сом бергени бир тең, менин тоодой түйшүгүм бир тең болду.

 Төрөгелди сенде кимдир бирөөнү жактыруу сезими болду беле?

Төрөгелди: — Мен кыздар менен деле сүйлөшкөн жокмун. Билбейм башкаларга салыштырмалуу сезимдерим күчтүү эмес. Бир кызды жактыргам, ал менин үмүтүмдү тебеледи көрүнөт.

© Фото / Света ТашалиеваТөрөгелди Каныбек уулу: Жашоомдо балдарымдын кыйналып жашашын каалабайм. Ошол себептен алар үчүн эмитеден кам көрүп баштадым
Интервью с глухонемым парнем Торогелди Каныбеком уулу  - Sputnik Кыргызстан
Төрөгелди Каныбек уулу: Жашоомдо балдарымдын кыйналып жашашын каалабайм. Ошол себептен алар үчүн эмитеден кам көрүп баштадым

Света эже: — Ошол айтып жаткан кыз, менин баламды биринчи өзү жактырып калыптыр. Сүйүүсүн билдире албай мага ортомчу кылып курбу кыздарын жиберип жүрдү. Укканда тамаша болсо керек деп ишенген жокмун. Анан кыз өзү келип уулуңуз менен тааныштырыңыз дегенде кубандым. Себеби ал сүйлөгөн кыз экен. Жок дегенде неберелеримдин саламаттыгын каалар элем. Экөөнү жолуктурдум. Бирин бири жактырышты анан мен балам менен чогуу ал кызды ашканага иштетип алдым. Балам жайдары жүрүп калган. Бир күнү ашканага келсем балам тиги кызды түртүп, кубалап жатыптыр. Сураштырсам уулум таштанды төккөнү түндө эшикке чыкса, сүйүктүүсү башка бала менен кол кармашып туруптур. Балам ошондон кийин кыздардан көңүлү калды. Кыз болсо группалаш балам болчу деп жалбырса да, кабыл албай койду. 

Төрөгелди: — Туура ал менден кечирим сураган. Сүйлөгөн адамдар калп айтып жатканын өздөрү кантип түшүнүшөт билбейм. Мен укпагандыктан адамдын жан дүйнөсүнөн анын көздөрүнөн ачуу чындыкты байкайм. Калп сүйлөө деген кандай экенин билбейм, бирок ал жагымсыз маанай тартуулайт.

— Света эже башында айылда турчубуз, ал ортодо жолдошум менен да ажырашып кеткем дедиңиз. Менимче борборго келип, бул дүкөн менен чакан ашкананы түптөө түмөн иш болсо керек?

Актер Уларбек Батыркулов - Sputnik Кыргызстан
Эргежээл шоумен: сүйүктүүмө 101 роза сатып алып, көтөрө албай кыйналгам
— Менде анда учкундаган жаңы үмүт пайда болду. Эл чет мамлекеттен кулакка аппарат жасатса болот экен, бирок ал кымбат турат деп айтып калышты. Айылда мектепте мугалим болуп иштечүмүн.1997-жылдары болсо керек 300 сом айлыгым менен отпускамды бириктирип 580 сомду алып соода кылайын деп борборду көздөй бет алдым. Келгиче 240 сомум эле калыптыр. Калган акчага байпак, майда чүйдө оокаттарды сатып алып, орун жок жайып сатып баштадым. Биринчи күнү 27 сом таап, бир чай токочу менен өзөк жалгадым. Кудай мага ырыскысын бат эле чачты, ишим жүрүшту. Жарым жылдан кийин төрт бөлмөлүү жер там сатып алдым. Элдин баары "сен эмне рэкет болуп кеткенсиңби" деп таң калган. Акча топтоп баламды чет өлкөгө алып барайын деп жатсам, доктурлар дыкат текшерип көрүп экинчи үмүтүмдү да өчүрүп, убара болбошумду суранышышкан.

— Төрөгелди келечекте кандай пландарың бар? Эмне жөнүндө кыялданасың?

— Жашоомдо балдарымдын кыйналып жашашын каалабайм. Ошол себептен алар үчүн эмитеден кам көрүп баштадым. Айына берилчү жөлөкпулду көп жылдан бери банктагы эсебиме которуп турам. Кээде апам менен эсептешип иштеген акчамды топтом алам. Биздейлерди көп жерден иштетип туруп, алдап кетишет. Ошондуктан жеке бизнесимди ачып, келечегимди түптөйүн деген максатым бар. Учурда апам канча жылдан берки ак эмгегиң деп борбордон эки бөлмөлүү батир сатып берген. Оору менен гана алышпастан, жашоонун жокчулулугун да бирге сездик. Азыр кудайга шүгүр.

Жаңылыктар түрмөгү
0