Алмазбек Атамбаев "Азия MIX" командасынын жеңиши менен сыймыктанарын айтты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев жана "Азия MIX" командасы. Архив
Президент Алмазбек Атамбаев жана Азия MIX командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Азия Mix" командасы "Голосящий КиВиН 2016 фестивалында "Алтын чоң КиВиН" утуп, 400 миң рубль байге алган.

БИШКЕК, 18-июл — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев ийгиликке жеткен "Азия MIX" командасын жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Эске сала кетсек, "Азия Mix" командасы Голосящий КиВиН 2016 фестивалында "Алтын чоң КиВиН" утуп, 400 миң рубль алышкан.

"Силерди жеңишиңер менен куттуктайм. Өлкөбүздөгү маданиятты өнүктүрүү менен бирге Кыргызстанды эл аралык аренада таанытып келесиңер. Силер менен сыймыктанабыз", — деп айтылат президенттин куттуктоосунда.

Атамбаев шайырлар жана тапкыч балдардан жаңы ийгиликтерди күтөрүн билдирген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0