Дыйкан. Архив

Таң заар, супа салганда, каш карайганда, багымдат саат канча болду?

1267
(жаңыланган 20:32 21.07.2016)
Филология илимдеринин кандидаты Ишенбек Султаналиев таң агарганда, таң атканда, таң заарда дегенде эртең мененки саат канча болгондугун түшүнүү керек экенин айтып берди.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Айида Батырбекова. Илгери, саат жок маалда кыргыздар күн чыккандан батканга чейин убакытты өздөрү белгилеп келишкен. Бүгүнкү "Тибиртке" рубрикасында кыргыздардын бир күн ичиндеги убакыттын белгиленишине карата айтылган мезгил өлчөмдөрүн жазууну туура көрдүк. Кыргыз тили бай, бир күн ичинде мезгилди аныкташ үчүн кеминде 18 сөз колдонулат экен…

1. Таң үрүл-бүрүлдө — жерге жаңыдан жарык түшүп келе жаткан мезгил. Жакынкы буюм-тайымдар, караан гана үрүл-бүрүл (бүдөмүк) көрүнүп, алыстагылар даана көрүнбөйт; 

2. Таң заардан же таң атпай — эртең менен эрте, күн чыга электе деген мааниде айтылган;

3. Таң агарганда — жерге жарык түшүп, айлана-чөйрө көрүнүп калган, бирок күн чыга элек мезгил;

4. Супа салганда — таң агарды дегендин синоними;

5. Күн чачыраганда — күн жаңыдан чыккан мезгил; 

6. Таң атканда — жерге жарык толук түшкөн маал;

7. Шашке — түшкө жакындап калган мезгил. Саат 10.00дөн 11.00гө чейинки убакыт аралыгы;

8 Күн аркан бою көтөрүлүп калганда — болжол менен саат 11.00 чамасын туюндурат;

9. Түш ченде — саат 12.30дан 14.00гө чейинки мезгил;

10. Чак түш — саат 13.00 чамасы, башкача айтканда күн так төбөгө келген учур;

11. Кечке маал же кеч киргенде – күн батарга жакындаган маал;

12. Күүгүм киргенде – айлана-тегерек караңгылай баштаган учур;

13. Иңир — толук караңгы кире элек, айлана үрүл-бүрүл көрүнүп турган чак;

14. Көз байланганда — күн батып айлана-чөйрө элес-булас гана көрүнүп турган учур;

15. Күн батканда – күн толугу менен баткан мезгил;

16. Каш карайганда — күн уясына толугу менен кирип көзгө эч нерсе көрүнбөй калган мезгил. 

17. Караңгы киргенде – айлана-тегерек көрүнбөй калган маал;

18. Түн ортосу - түнкү саат 1.00дөн 2.00гө чейинки мезгил.

Намаз окууга байланыштуу мезгил убакыттары төмөнкүчө айтылат

1. Багымдат маалы — Таң агарып, күн чыкканга чейинки мезгил, башкача айтканда таң заар;

2. Бешим маалы– түш оогон мезгил;

3. Дигер маалы —күн батканга чейинки, кечки маал; 

4. Шам мезгили – күн батып, күүгүм кирген учур; 

5. Куптан мезгили – түн ортосуна чейинки, жатар мезгил.

 

1267
Белгилер:
тибиртке, мезгил, саат, кыргыз, убакыт
Тема:
Тибиртке — кыргызча туура сүйлөйбүз (75)
Тема боюнча
Иттин арткы шыйрагындай, жантыгынан жата калуу — түшүндүңүзбү?
Арты кайырлуу болсун, иш илгери, кулдугум бар — маанисин билесизби?
Бөйрөктү таянба, үшкүрбө, колду төбөгө алба, бутту учкаштырба — жаман болот!
Тез жардам кызматы. Архив

ТИМ: Петербургда 5-кабаттан кулаган кыргызстандык кыздын абалы оор

28
(жаңыланган 13:12 14.05.2021)
Кырсыктаган кызды оор абалда Санкт-Петербургдагы клиниканын кайра жандандыруу бөлүмүнө жеткиришкен.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Санкт-Петербургда бешинчи кабаттан капыстан кулап кетип ооруканада жаткан кыргызстандык 11 жаштагы кыздын абалы оор, жакында операция жасалат. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

"Ар кыл жеринен жаракат алган кызды дароо Санкт-Петербургдагы Раухфус атындагы балдардын шаардык ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнө оор абалда жеткиришкен. Жакында анын жабыркаган органдарына операция жасоо пландалууда, мунун натыйжасына жасалма дем алдыруучу аппараттан ажыратылып, өз алдынча дем ала баштайт", — деп айтылган маалыматта.

Бул маселе Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин Санкт-Петербургдагы канцеляриясынын көзөмөлүндө экендигин билдиришкен.

28
Белгилер:
кыз, операция, Санкт-Петербург
Тема боюнча
Милиция кичинекей баланын 3-кабаттан кулаган окуясы боюнча иш козгоду
Спорттук комментатор, граундхоппер Бексултан Усеналиев

Усеналиев: граундхоппингге кызыгып дүйнөнү кыдыргандар көбөйдү

9
Спорттук комментатор, граундхоппер Бексултан Усеналиев өлкөдө граундхоппинг аркылуу футболдук стадиондорго барып, дүйнөнү кыдыргандардын саны көбөйүп жаткандыгын айтты.

Дүйнөнүн белгилүү граундхопперлери Кыргызстандагы футболдук беттештерге катышып, стадиондорду каттап кеткендер бар. Мындай пикирин Бексултан Усеналиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Усеналиев: граундхоппингге кызыгып дүйнөнү кыдыргандар көбөйдү

Анын айтымында, граундхопперлер футбол көрүп, стадиондорду гана каттабастан башка элдердин маданиятын, тарыхын өздөштүрүүгө жакшы мүмкүнчүлүк алышат.

"Граундхоппинг – футболдук саякаттын бир түрү. Бул түшүнүктүн максаты башка өлкөгө стадионго барып, футбол көрүп, ошол жерди каттоо дегенди билдирет. Бирок жөн гана стадионго кирүү эмес, ал элдин маданиятын, тарыхын өздөштүрүү мүмкүнчүлүгү бар. Демек, граундхоппинг аркылуу дүйнөнү кыдырса болот. Жалпак тил менен айтсак, стадиондорду коллекциялоо. Бул кыймыл Англияда пайда болгон. "Бристоль Сити" клубунун күйөрманы Англияда болгон 92 футболдук беттешке барып, стадиондорду белгилеген. Бул жетишкендикти каттоо максатында гезит ачып, ийгилиги тууралуу бөлүшкөн. Анын эрдигине суктанып, башкалар да стадиондорду кыдыра башташкан. Өлкөдө фанатизм маданиятына кызыккандар бул кыймылды жакшы түшүнөт. Кыргызстанда мындай адамдардын башын бириктирген уюм жок. Болгону "граундхоппер" деген тиркемени смартфонго көчүрүп алып, барган стадионду, оюнду, шаарды белгилеп каттап коёбуз. Бизде кыймылга активдүү катышкан 4-5 адам бар. Мисалы, Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионго дүйнөнүн кайсы өлкөлөрүнөн граундхопперлер келгендигин кароого болот", — деди Усеналиев.

Ошондой эле ал Кыргызстан европалыктар үчүн абдан кызыктуу өлкө деп эсептелерин кошумчалады.

9
Белгилер:
Бексултан Усеналиев, саякат, футбол
Тема боюнча
Жетим өсүп жетилген. Башкы стадионго аты берилген Дөлөн Өмүрзаков деген ким?
UFC мушкери кыргызстандык Антонина Шевченко. Архив

Антонина Шевченко UFC берген 50 миң доллар бонусту кайда коротконун айтты. Видео

0
antonina-shevchenko-ufc-50-min-dollar-bonus-korotuu 15-майда Шевченко UFC уюмундагы алтынчы беттешине чыгат. Ага америкалык мушкер кыз Андреа Ли атаандаш болот.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. UFC мушкери кыргызстандык Антонина Шевченко өткөн беттеште алган бонусун кантип коротконун, кезектеги атаандашы америкалык Андреа Ли менен кантип таанышканын айтып берди. Бул тууралуу спортчу UFC Russia уюмунун YouTube каналына берген маегинде билдирди.

"Алган бонустардын баарын мен учууларга коротуп жатам. Буга чейинки беттештерде алган сый акыларыма мыкты учак сатып алгам. Менин көптөн бери максат кылып жүргөн көксөөм орундалды", — деген ал.

Белгилеп кетсек, Антонина эки ирет, 2019-жылдын августунда жана 2020-жылдын ноябрындагы мелдештерде мыкты кармаш тартуулагандыгы үчүн 50 миң доллардан бонус сый акы алган.

Кыргызстандык мушкер кыз, ошондой эле, учурдагы атаандашы менен кантип таанышып калганын да айткан.

"Биз АКШга көчүп келгенде Хьюстондо жашап калдык. Андреа Ли дагы Техастан болот. Биз анын кикбоксинг боюнча беттешин көргөнбүз. Валентина да ал мелдешке катышкан. Жолукканбыз, сүйлөшкөнбүз, бирок бирге машыккан эмеспиз", — деди Антонина.

Эске сала кетсек, 16-майдын таңында (Бишкек убактысы боюнча) АКШнын Хьюстон шаарында UFC 262 мелдеши өтөт. Анда кыргызстандык Антонина Шевченко промоушендин алкагында алтынчы беттешине чыгып, КГБ каймана аттуу Андреа Ли менен кармашат.

0
Белгилер:
учак, бонус, беттешүү, UFC, Антонина Шевченко
Тема боюнча
Өзү деле билчү... Рамзан Кадыров Хабибди UFC уюмунун долбоору деп атады
Ай-буйга келтирбей... UFC апрелдеги кызыктуу жеңиштердин видеосун чыгарды