Башкаларга кол чатыр көтөрттү деп коомдун сынына кабылган прокурор кызматтан кетти

© Фото / Турат БектеновБишкек шаарынын прокурору Нурлан Сулайманкулов. Архив
Бишкек шаарынын прокурору Нурлан Сулайманкулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нурлан Сулайманкулов кызматтан кетүү тууралуу арызды өз ыктыяры менен жазган.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Бишкек шаарынын прокурору Нурлан Сулайманкулов кызматтан кеткенин Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, Сулайманкулов өз ыктыяры менен арыз жазган.

"Сулайманкулов өз ыктыяры менен кызматтан кетүү тууралуу арызын кечээ жазган. Бүгүн ага башкы прокурор кол койду", — деп маалымат кызматынан билдиришти.

Кол чатыр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Манапчылыктын символу болгон кол чатыр. Флешмоб айылдагы абышка-кемпирге жеттиби?
Бишкек шаарынын прокурорлугуна Кубанычбек Бейшекеевди дайындоо боюнча буйрук чыкканын маалымат кызматы кошумчалады. Бейшекеев буга чейин Ысык-Көл облусунун Тоң районунун прокурору болуп иштеп келген.

Белгилей кетсек Facebook социалдык тармагында колду аркага алган адамга кызматчысы кол чатыр тосуп турган сүрөт кызуу талкууга жем таштаган. Интернет колдонуучулары ал Бишкек шаарынын прокурору Нурлан Сулайманкулов болушу мүмкүндүгүн жазышкан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0