КРдин дин аалымдары Кытайдагы симпозиумда терроризм көйгөйлөрүн талкуулады

© Фото / пресс-служба ДУМК Кыргызстандын муфтийи Максат Токтомушев. Архив
Кыргызстандын муфтийи Максат Токтомушев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия, Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан барган делегация учурдун көйгөйлөрүн, терроризмге каршы күрөшүү жолдорду талкуулады.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Кыргызстандын муфтийи Максат Токтомушев, Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдышүкүр Нарматов Кытайда кесиптештери менен исламдын учурдун көйгөйлөрүн, терроризмге каршы күрөшүү жолдорун талкуулады. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Намаз окуп жаткан мусулмандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мусулман, христиан, буддист же ар кыл өлкөлөрдөгү динге болгон мамиле
Кытайда өткөн эл аралык коференцияга Россия, Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан барган аалымдар катышты. Анда дүйнөлүк коомчулуктун баш оорусу болуп жаткан терроризм жана экстремизм, аларга каршы күрөшүүнүн жолдору, аны иштер чыгуу маселелери талкууга алынды.

Иш-чара соңунда Токтомушев Кытайдагы Ислам ассоциациясынын төрагасы Хилалуддин Чен Гуанюань менен жолугуп, Орто Азиядагы исламдын абалын сүйлөштү. Тараптар жогорудагы аталган багытта да кызматташуу боюнча кеп козгоду.

Жаңылыктар түрмөгү
0