Нарын шаарына бараткан жол селден тазаланып жол ачылды

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүБишкек-Нарын-Торугарт автожолу. Архив
Бишкек-Нарын-Торугарт автожолу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
22-июлда кечинде жааган жамгырдан улам тоодон сел жүрүп жолду жаап калган.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. 22-июлда кечки саат 22:00дөр чамасында мөндүр аралаш катуу жааган жамгырдан улам Нарын шаарына бараткан жол селден тазаланып, жол ачылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Тоодо жааган жамгыр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Алайда 100гө жакын үй сел жууп кетүү коркунучунда турат
Ага ылайык, Бишкек — Нарын — Торугарт автоунаа жолунун 350-чакрымындагы Шаркыратма аймагында жамгырдан улам тоодон сел жүрүп, жолду эки тарабынан жаап калган.

Атайын техника жолду тазалаган.

Нөшөрлөгөн жамгырдан улам шаардын Жайлоо-Бак аймагында сел жүрүп, үйлөрдүн короосун каптаган. Куткаруучулар аталган аймактарда тазалоо иштерин жүргүзгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0