Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Тосор айылында Өрүк fest-2016 фестивалы

Көлдүктөр биринчи жолу "сары кыздын тоюн" тойлошту

69
(жаңыланган 10:30 25.07.2016)
Иш-чаранын максаты Жети-Өгүз районунда өскөн жер-жемишти таанытуу жана аны өнүктүрүү үчүн тыштан инвестиция тартуу болуп саналат.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Тосор айылында "Өрүк fest-2016" фестивалы өткөнүн өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

  • Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Тосор айылында Өрүк fest-2016 фестивалы өттү
    Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Тосор айылында "Өрүк fest-2016" фестивалы өттү
    © Фото / пресс-служба полпредства правительства в Иссык-Кульской области
  • Майрамдык иш-чара 23-июлда болгон
    Майрамдык иш-чара 23-июлда болгон
    © Фото / пресс-служба полпредства правительства в Иссык-Кульской области
  • Фестивалдын уюштуруучусу Эмилбек Кубанычбеков бир гана Тосор айылынан Казакстан менен Россияга 76 фура өрүк жөнөтүлөрүн, алардын ар бири 20 тоннадан экенин кошумчалады
    Фестивалдын уюштуруучусу Эмилбек Кубанычбеков бир гана Тосор айылынан Казакстан менен Россияга 76 фура өрүк жөнөтүлөрүн, алардын ар бири 20 тоннадан экенин кошумчалады
    © Фото / пресс-служба полпредства правительства в Иссык-Кульской области
1 / 3
© Фото / пресс-служба полпредства правительства в Иссык-Кульской области
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Тосор айылында "Өрүк fest-2016" фестивалы өттү

Майрамдык иш-чара 23-июлда болгон.

"Бул Ысык-Көл облусунда өткөрүлүп жаткан биринчи өрүк фестивалы. Анын максаты Жети-Өгүз районунда өскөн жер-жемишти таанытуу жана аны өнүктүрүү үчүн тыштан инвестиция тартуу болуп саналат. Район аймагында өстүрүлгөн өрүктүн көбү Казакстан менен Россияга сатылат", — деп айтылат билдирүүдө.

Фестивалдын уюштуруучусу Эмилбек Кубанычбеков бир гана Тосор айылынан Казакстан менен Россияга 76 фура өрүк жөнөтүлөрүн, алардын ар бири 20 тоннадан экенин кошумчалады.

Иш-чаранын алкагында тамчылатып сугаруу, күнөсканаларды куруу, райондо өскөн жер-жемишти сыртка кандай сатуу керектиги тууралуу дыйкандарга кеп-кеңештер берилип, мастер-класстар өткөрүлдү.

Өрүк фестивалына Баткен жана Жалал-Абаддык дыйкандар да катышкан. Анда өрүктөн жасалган тамак-аштын көргөзмөсү өтүп, ошондой эле косметикалык каражаттар — самын, крем, скраб жана шампунь дагы элдин назарына сунушталган.

Бул фестиваль Жети-Өгүз райондук администрациясы, "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фонду, КР Айыл чарба министрлиги, Ысык-Көл облусундагы Жаш ишкерлер ассоциациясы, "Тосор коому" коомдук уюму тарабынан уюштурулган.

69
Белгилер:
фестиваль, өрүк, Ысык-Көл
Тема боюнча
Көлдүн Тосор айылында "Сары кыздын тоюу" өткөрүлөт
Эртең Ат-Башыда эл аралык "Кыргыз шырдагы" фестивалы башталат
Пикирлер