Ысык-Көл: катуу шамал менен мөндүрдөн жабыркагандарга шифер таратылды

© Sputnik / Игорь Агеенко / Медиабанкка өтүүКурулуш иштери. Архив
Курулуш иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындан бир жума мурун Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жана Балыкчы шаарында мөндүр аралаш жаан жаап, катуу шамал болгон.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Жаратылыш кырсыгынан жабыркаган Тоң району менен Балыкчы шаарынын тургундарына шифер таратылганын ӨКМ билдирди.

Белгилей кетсек, 18-июлда Ысык-Көл облусунун аталган аймактарында мөндүр аралаш жаан жаап, катуу шамал болгон. Анын кесепетинен турак үйлөр жабыркаган.

ӨКМ тарабынан 24-июлда Балыкчы шаарына 668, ал эми Тоң районундагы жабыркаган үй ээлерине 256 шифер таратылып берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0