Боом капчыгайындагы унаалар. Архив

Боомдогу ажатканалар бир айдын ичинде жөнгө салынмай болду

95
(жаңыланган 13:58 25.07.2016)
Ысык-Көл облусунун башчысы Асхат Акибаев Боом капчыгайындагы коомдук тамактануу жайларынын ээлери менен жолукту.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Асхат Акибаев Боом капчыгайындагы тамактануу жайларындагы ажатканалардын абалын жакшыртууну алардын ээлерине тапшырды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Акибаев 24-июлда Боом капчыгайындагы тамактануу жайларынын жетекчилери менен жолукту. Ал өз сөзүндө Ысык-Көлгө келген чет элдик жана жергиликтүү туристтер бул жайлардагы тейлөөнү жана ажаткананын абалы начар экенин айтып жатканын белгиледи.

"Быйыл биздин аймакта ири маданий иш-чаралар өтөт. Андыктан биз жогорку сапаттагы тейлөөнү көрсөтүшүбүз керек. Кыргызда бекеринен "эшигин көрүп төрүнө өт" деп айтылбаса керек. Андыктан бизге келген туристтер биринчи кезекте жол боюндагы тамактануу жайлары менен ажатканаларга көңүл бурат", — деди Акибаев.

Ал ошондой эле ажатканалардын таза болушу маркетингдик дагы иш экенин баса белгиледи. Коомдук тамактануу жайларынын ээлери бул маселе бир айдын аралыгында жөнгө салынарына убада беришти.

95
Белгилер:
ажаткана, тамактануу, туризм, Асхат Акибаев, Ысык-Көл
Тема боюнча
Премьер Жээнбеков министр Максутовго сөгүш жарыялады
Ажайып Кыргызстан — Падыша-Ата коругу
Пикирлер