Бишкектин айрым бөлүктөрүндө муздак суу токтотулат

© flickr.com / Jason RogersРаковина. Архив
Раковина. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Бишкексууканал" башкармалыгы муздак суу оңдоо иштерине байланыштуу токтотуларын билдирип, жарандарды алдын ала суу менен камсызданып алууга чакырат.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Бишкектин айрым аймактарында 26-июль күнү муздак суу берүү токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө караганда, муздак суу эртең менен саат 9.00дөн кечки саат 22.00гө чейин берилбейт.

"Муздак суу Тыныстанов көчөсүндөгү суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу Бөкөнбаев — Эркиндик — Фрунзе — Абдрахманов көчөлөрүнүн чектешкен аймагында өчүрүлөт", — деп айтылат маалыматта. 

"Бишкексууканал" шаар тургундарын алдын ала суу менен камсызданып алууга чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0