Атамбаев суу ташкындардын алдын алууну тапшырды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алуу учрунда
Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алуу учрунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алды.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев өлкөдөгү гидрологиялык кырдаалды кылдат мониторинг жасап туруунун, ошондой эле мүмкүн болуучу өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана азайтуу максатында өз убагында чараларды көрүү зарылдыгын белгиледи. Мындай пикирин ал өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алганда билдиргенин президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Бишкек-Нарын-Торугарт автожолу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Нарын шаарына бараткан жол селден тазаланып жол ачылды
Жолугушууда мамлекет башчысы жаан-чачындын көп болгондугунан жана гидрологиялык абалдын өзгөргөнүнөн улам пайда болгон тобокелдиктерге байланыштуу калыбына келтирүү жана кырдаалга ылайык чараларды көрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу кеңири маалымат алды.

Боронов Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бөлүктөрү калк жашаган аймактарды, ошондой эле инфраструктуралык объектилерди суу каптоосуна жол бербөө үчүн бардык зарыл чараларды көрүп жаткандыгын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0