Prisma программасын жүкрөп жаткан колдонуучу.

Prisma Android үчүн да жеткиликтүү болду

188
(жаңыланган 13:55 25.07.2016)
Буга чейин аталган программа iOS операциялык системасы үчүн гана жеткиликтүү болуп, калың катмардын кызыгуусун жараткан.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Сүрөттөрдү санарип түрдө иштеп чыгуу тиркемеси эми Android системасы үчүн да жеткиликтүү болгонун стартаптын негиздөөчүсү Алексей Моисеенков өзүнүн Facebook баракчасына жарыялады.

Буга чейин аталган программа iOS операциялык системасы үчүн гана жеткиликтүү болуп келген. AppStore магазининде 11-июнь күнү пайда болуп, бир нече күндүн ичинде эң көп жүктөлүп алынган тиркеме болгон. 

Долбоор авторлорунун айтымында, жакын арада Prisma программасына видеону иштеп чыгуучу фильтр кошулмакчы.

188
Белгилер:
тиркеме, Prisma
Тема боюнча
Prisma программасы видеолордун стилин өзгөртөт
Prisma деген эмне? Эсти оодарган беш суроого жооп
Пикирлер