Митингдин катышуучусу. Архив

Жалал-Абадда Азимжан Аскаровдун каршылаштары митинг өткөрүп жатат

63
(жаңыланган 14:15 25.07.2016)
Буга чейин Жогорку сот Жалал-Абад облустук сотунун өкүмүн жокко чыгарып, ишти Чүй облустук соттун кароосуна жиберген. Аскаров 2010-жылы улуттар аралык араздашууну козутканы үчүн соттолгон.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Базар-Коргон айылында улуттар аралык араздашууну козутканы үчүн соттолгон Азимжан Аскаровдун каршылаштарынын митинги өтүп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигине Жалал-Абад ОИИБ билдирди.

Тынч митинг саат 10.00дө башталып, жергиликтүү бийлик акциянын өтөөрү тууралуу маалымдар болгон.

"Митинг катышуучулары Аскаровго карата чыккан биринчи өкүмдү өзгөртпөөнү талап кылышууда. Нааразы болгондордун саны азырынча тактала элек. Учурда абалга милиция кызматкерлери көз салып турат", — деп айтылат билдирүүдө.

Айрым ЖМКлардын маалыматы боюнча митингге 100гө чукул адам катышууда.

Буга чейин Жогорку сот Жалал-Абад облустук сотунун өкүмүн жокко чыгарып, ишти Чүй облустук соттун кароосуна жиберген. Сот жаңыдан ачыкка чыккан жагдайлардан улам ишти кайра кароону чечкен. Буга чейин Аскаровдун адвокаттары анын кыйноого кабылганын айтып, БУУнун адам укугу боюнча комитетинин чечимине таянуу менен Аскаровду түрмөдөн бошотууну талап кылышкан.

Кыргызстандын жараны Азимжан Аскаров сот органдары тарабынан улут аралык араздашууну тутандырып, массалык башаламандыктарды уюштургандыгы, ошондой эле 2010-жылдын июнь айындагы кайгылуу окуялар учурунда укук коргоо органында иштеген кызматкерди ырайымсыз түрдɵ ɵлтүрүүгɵ катыштыгы үчүн өмүр бою эркинен ажыратылган. Куралсыз 13 милиция кызматкери нааразы болгон топко түшүндүрүү иштерин жүргүзүп баштаганда, ал топ тартип коргоо органдарынын өкүлдөрүн аёосуз сабап, ал эми аймактык милиционер Мыктыбек Сулаймановду өлтүрүп, өрттөп жиберишкен.

63
Белгилер:
Митинг, сот, Азимжан Аскаров, Жалал-Абад облусу
Тема:
БУУ комитети Кыргызстанды Азимжан Аскаровду бошотууга чакырды (42)
Тема боюнча
Атамбаев Азимжан Аскаровдун соту жылдап созулушу мүмкүндүгүн айтты
Прокурор: Аскаровду тартип коргоо кызматкерлери эмес, камералашы сабаган
Пикирлер