Акыйкатчы Кубат Оторбаев. Архив

Акыйкатчы түрмөгө киргизбей койгон №47 колониянын жетекчисинин үстүнөн арызданды

332
(жаңыланган 17:15 25.07.2016)
Кубат Оторбаев жаза мөөнөтүн өтөп жаткандардын абалы менен таанышуу үчүн барып, колонияга кире албай койгон.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Акыйкатчы Кубат Оторбаев №47 колониясынын жетекчисинин үстүнөн Башкы прокуратурага арыз жазды. Бул тууралуу Акыйкатчы институту билдирди. 

Маалыматка ылайык, депутат Галина Скрипкина (учурда ЕАЭБдин судьясы болгондугу үчүн мандатын тапшырган) акыйкатчыга кайрылып, №47 колониядагы абал менен таанышып чыгууну өтүнгөн. Анткени депутатка коррупцияга каршы "Биримдик" коому жардам сурап, №47 колонияда жаза мөөнөтүн өтөп жаткандардын укугу бузулуп жатканын айткан. 

Эл өкүлүнүн кайрылуусунан улам Оторбаев үстүбүздөгү жылдын 24-июлунда №47 колониясына ишмердүүлүгү менен таанышуу максатында барган. Бирок аталган колониянын жетекчилиги укук коргоочуну имараттын ичине киргизбей, ички буйрукка ылайык колониядагыларды сүрөткө жана видеого тартууга болбойт деп түшүндүргөн. 

Акыйкатчы башкы укук коргоочунун ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жаратканы үчүн №47 колония жетекчилигине карата тиешелүү жаза колдонууну суранып, Башкы прокуратурага арыз менен кайрылган.

332
Белгилер:
колония, акыйкатчы, арыз, Кубат Оторбаев
Тема боюнча
Акыйкатчы: мугалимдин малга теңеши окуучу кызды өмүрүнө кол салууга түрткөн
Акыйкатчы: Чым-Коргондогу психиатриалык оорукананын абалы мышык ыйларлык абалда
Пикирлер